"Учур" театры "Апендинин беш катыны" менен Тоңдун айылдарын кыдырат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭтногородок в ущелье Кырчын Иссык-Кульской области в рамках II Всемирных игр кочевников
Этногородок в ущелье Кырчын Иссык-Кульской области в рамках II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр 7-ноябрдан 12сине чейин гастролго чыгат

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Учур" жаштар театрынын жамааты Ысык-Көлдүн Тоң районуна гастролдоп барат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган театрдын актеру Жолдошбек Жанжигит уулу билдирди.

Өнөрпоздор Ибрагим Содиковдун "Апендинин беш катыны" комедиялуу спектали жана чакан концерт менен 7-ноябрдан 12сине чейин айылдарды кыдырышат.

"Гостроль Тоң районунун акиминин колдоосу менен уюштурулуп жатат. Бул спектаклди беш-алты жыл мурун да аймактарга коюп абдан чоң ийгиликтерге жетишкенбиз. Ал комедиялуу жана турмуштук спектакль болгондуктан элге аябай жагып, бир күнгө белгиленген жерде эл кетирбей эки-үч күнгө алып калчу", — деди Жанжигит уулу.

Ошондой эле ал алдыда Талас, Баткен, Алай сыяктуу алыскы райондорго да гастролдоп баруу пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0