Жаш балдардын "Карек" кинофестивалында 75 тасма ат салышат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль 14-15-ноябрда Бишкек шаарында өтөт

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Экинчи ирет өтө турган республикалык балдар жана өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалына 75 тасма келип түштү. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен билдиришти.

Фестивалдын башкы максаты — ышкыбоздорду жаштайынан тарта чыгармачылыкка аралаштырып, бул тармакты тереңдетип түшүндүрүү.

"Жылдын башында жаш режиссерлорго кино тартууга чакырык ташталган. Алар талапка ылайык "Бул менин дүйнөм" темасынын алкагында тасмаларды тартуусу керек болчу. Конкурска тасмаларды кабыл алуу 10-октябрда жыйынтыкталды", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалга 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш авторлордун эмгектери кабыл алынган. Иш-чара 14-15-ноябрда Бишкек шаарында өтө турганы күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0