КР режиссерунун "Үй" тасмасы Тегерандагы фестивалда мыкты аталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОткрытие Музея кино на ВДНХ
Открытие Музея кино на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада чакан батирде жашоого мажбур болгон бүркүтчүнүн турмушу чагылдырылат

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жаш режиссер Салтанат Зарнаеванын "Үй" тасмасы Тегеран (Иран) шаарында өткөн кыска метраждуу тасмалардын эл аралык IYCS кино фестивалында Азиянын эң мыкты тасмасы деп табылды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кадр из трейлера фильма Буря отважных японских фильмейкеров Хисаши Йошизава и Шуншек Дейто - Sputnik Кыргызстан
Башка планетадан келген кыргыздар. Японияда Жерди басып алуу боюнча тасма тартылды
Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык IYCS кино фестивалы дээрлик 40 жыл мурда негизделген. IYCS Ирандын маданият министрлиги менен тыгыз иштешип, үч негизги багыт боюнча иш алып барат. Алар: кино тармагында билим берүү, кыска метраждуу тасмаларды тартуу жана кинорынокко таратуу.

Зарнаеванын "Үй" тасмасында бүркүтчүнүн уулу атасын шаардагы үйгө көчүүгө көндүрөт. Анда чакан батирде жашаган бир үй-бүлөнүн жана бүркүттүн турмушу баяндалат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0