Бишкекте балдар балдарга концерт беришет

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидентская новогодняя елка с участием Алмазбека Атамбаева в Бишкеке
Президентская новогодняя елка с участием Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Классикалык музыка майрамы 22-ноябрда саат 15.00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында болот.

БИШКЕК. 27-окт. — Sputnik. Борбор калаада Япониядан келген дирижер Кензи Хиротаканын катышуусу менен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин симфониялык оркестри "Достук симфониясы" деп аталган концерт берет. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

"Аталган концерт "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү программасынын алкагында өтүп жатат. Бул концерт менен кичинекейлерди музыка дүйнөсүнө жетелеп, алардын руханий дүйнөсүн байытуу максаты коюлган", — деп аталат маалыматта.

Классикалык музыка майрамы 22-ноябрда саат 15.00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0