Россиянын элдик биримдик күнүнө карата Бишкекте майрамдык концерт өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКонцерт ансамбля песни и пляски Черноморского флота РФ в Бишкеке
Концерт ансамбля песни и пляски Черноморского флота РФ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык иш-чара 3-ноябрь күнү түшкү саат 15:30да башталмакчы.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда Россиянын элдик биримдик күнүнө карата майрамдык концерт уюштурулат. Бул тууралуу  Россиянын Кыргызстандагы маданият жана илим борборунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, концертти Кыргызстандагы Россиянын элчилиги, "Гармония" орус маданий борбору менен бирге уюштурууда.

"Майрамдык иш-чарада Асанхан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри, орус ырларынын "Сувенир" ансамбли, ырчы Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Игорь Воронцов, көз боемочу Радислав Сафин жана башка таланттар өнөрлөрүн тартуулашмакчы", — деп жазылат маалыматта.

Майрамдык иш-чара 3-ноябрь күнү түшкү саат 15:30да башталат. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0