Хирургдардын атасы Мамбет Мамакеевдин "Карылык" аттуу китеби жарык көрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековХирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл академик 90 жашка чыкты

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Атактуу хирург Мамбет Мамакеевдин "Карылык" аттуу китеби жарык көргөнүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Китепте Мамакеев өзүнүн өмүр таржымалын, профессионалдык жолун чагылдырган. Академиктин баяндары кесиптештери жана студенттер үчүн кызыктуу деп ишенебиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле китеп академиянын китепканасына түшкөнү, студенттер үчүн жеткиликтүү экени кошумчаланды.

Эске салсак, быйыл академик 90 жашка чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0