Карыбекова визанын айынан Кытайдагы сулуулар сынагына барбай калышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКонкурс красоты "Мисс Кыргызстан — 2017"
Конкурс красоты Мисс Кыргызстан — 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк сулуулар сынагы Кытайдын Санья шаарында 20-октябрдан 19-ноябрга чейин өтөт. Таажы үчүн 156 мамлекеттен келген сулуулар таймашат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Бегимай Карыбекова "Дүйнө сулуусу — 2017" сынагына барбай калышы мүмкүн. Буга Кытай элчилигинин виза бербей жатышы себеп болууда. Бул тууралуу бийкеч өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Меня зовут Бегимай Карыбекова, я обладательница официального титула «Мисс Кыргызстана 2017» (Официальная потому что, конкурс проводила компания «Interalliance KG»,которая имеет единственную лицензию от международного престижного конкурса красоты «Мисс Мира» и проводят данный конкурс красоты «Мисс Кыргызстан» с 2007 года с разрешения Минкультуры »). И поэтому, как лицо страны я должна принимать участие на конкурсе «Мисс Мира 2017», которая в этом году планируется проводиться в КНР 🇨🇳 городе Санья. Мы уже как в течении года усердно готовились к этому конкурсу, потратили около 20 000$, готовили проекты, потратили очень много времени, но к сожалению китайская сторона отказывает мне открывать визу. Остальные 156 участниц получили визу без никаких проблем! Оказывается и до меня наши граждане сталкивались с этой проблемой, но к сожалению мало кто поднимал данную тему! Я даже не знаю куда обратиться и как решить эту проблему! Все мои планы, надежды и мечты рухнули как «карточный домик» 😔. В других странах для других участниц данного конкурса, их ведомства все делают для них, помогают со всех сторон, участницы даже не беспокоятся об организаторских вопросах! В связи с тем, что конкурс красоты "Мисс Мира" начинается 20-го октября 2017г., есть большой риск, что я не смогу принять участие в вышеуказанном конкурсе.В китайское посольство мы предоставляли все необходимые документы т.е. с документами у меня было все в порядке. Думаю существуют всего лишь 2 причины, почему мне отказывают в получении визы: 1) из-за взрыва китайского посольства в прошлом году 2) из-за того, что у меня в загран.паспорте стоит штамп Турции. Но можно же хотя бы для меня сделать исключение, ведь я тоже хочу достойно и с гордостью представлять свою любимую страну — Кыргызстан! И почему творческие люди и простой народ должны страдать из за политических отношений между странами? 😔

Публикация от ✨Miss World Kyrgyzstan 2017✨ (@begimaykarybekova) Окт 19 2017 в 10:27 PDT

"Мен "Кыргызстан сулуусу — 2017" титулунун ээсимин. Буга байланыштуу быйыл Кытайдын Санья шаарында өтө турган "Дүйнө сулуусу — 2017" сынагына өлкө атынан көрсөтүлгөм. Биз сынакка бир жыл бою катуу даярданып, 20 миң доллар сарптадык. Бирок тилекке каршы акыркы мүнөттөрдө Кытай тарап виза берүүдөн баш тартууда. Бул көйгөйдү кайда барып, кантип чечээримди билбей турам! Алдыга койгон пландарым, үмүтүм, кыялым бир заматта урады", — деди Карыбекова.

Ал ошондой эле сулуулук сынагы бүгүн башталарын айтып, бардык документтерин көрсөткөнүнө карабастан Кытай тарап виза бербей жатканын белгиледи.

Мисс Мира — 2017: видеопрезентация красавицы из Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
"Дүйнө сулуусу — 2017": кыргызстандык сулуунун видео презентациясы жарыяланды
"Дүйнө сулуусу — 2017" сынагынын YouTube-каналында бир жума мурда кыргызстандык бийкечтин видео презентациясы жарыяланган.

Анын сүрөттөрү сынактын расмий сайтына дагы чыгарылган.

Дүйнөлүк сулуулар сынагы Кытайдын Санья шаарында 20-октябрдан 19-ноябрга чейин өтөт. Таажы үчүн 156 мамлекеттен келген сулуулар таймашат.

Кытай тарап виза берүүдөн биринчи жолу баш тартып жаткан жок. Өткөн жылдын ноябрь айында кыргызстандык модель Карина Малая Кытайда өткөн "Дүйнө модели — 2016" сынагына виза көйгөйү үчүн катыша албай калган

Жаңылыктар түрмөгү
0