Садык Шер-Нияз негиздеген Азия кинофестивалына 50 өлкө катышат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОткрытие Музея кино на ВДНХ
Открытие Музея кино на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль лос-Анжелес шаарында өтөт

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Октябрь айынын соңунда ЖК депутаты, режиссер жана коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген Аsian World Film Festival (AWFF) кино фестивалы өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" фондусунун өкүлү Чолпон Идрисова билдирди.

Ата керээзи тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасынын авторлору "Азия оскарынын" сыйлыгына көрсөтүлдү
Аталган фестиваль 25-октябрдан 2-ноябрга чейин Лос-Анжелес шаарында өтмөкчү. Анда Азиянын 50 мамлекетинен барган мыкты тасма көрсөтүлөт. Ошондой эле фестивалга катышкан кинолорго "Оскар" сыйлыгына көрсөтүүлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат.

Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0