Белгилүү журналист, акын, публицист Алым Токтомушев эскерилет

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүЖазуучу. Архив
Жазуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтомушев "Нуска", "Асаба", "Агым", "Апта", "Алас" гезиттеринде, "Жетимен" журналында иштеген

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Белгилүү журналист, акын, публицист Алым Токтомушевдин 70 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтө турганын уюштуруучулар маалымдады.

Иш-чара 20-октябрь күнү саат 15.00дө Улуттук консерваториянын чоң залында өтөт.

Кыргыз Эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулар сынагы жарыяланды
Эскерүүгө маркумдун үзөңгүлөштөрү, кесиптештери, замандаштары чакырылган.

Алым Токтомушев 1947-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. "Нуска", "Асаба", "Агым", "Апта", "Алас" гезиттеринде, "Жетимен" журналында иштеген. Алым Токтомушев айрыкча кыргыз журналистикасынын аналитикалык жанрына өзгөчө салым кошкон. Анын "Жолдогулар", "Эски дептер" аттуу ыр жыйнактары, "Салижан Жигитовдун сабактары" жана "Ачылбаган дүйнө" аттуу китептери жарык көргөн. Токтомушев ошондой эле мыкты котормочу катары да таанымал болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0