Кыргызды кыйырга тааныткан Светлана Назаренко тууралуу 12 факты

© Фото / Алексей Тихомиров"Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко. Архив
Город 312 тобунун солисти Светлана Назаренко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн борбор калаанын кодунан түзүлүп, КМШ мамлекеттеринде ордун тапкан "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко 47 жашта. Ал 1970-жылы 17-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Ая каймана ысымга ээ ырчы тууралуу 12 факты сунуштайт.

1. Светлана бала кезинен эле ырчы болууну самаган. Кошуна кыздар-балдарга концерт уюштуруп, өзүн чоң сахнада жүргөнүн кыялданган. Бирок ата-энеси чыгармачылыктан алыс адамдар.

2. Ырчылык карьерасы 7 жашында башталган. 13 жашында элдик таланттардын республикалык сынагына катышып, жеңүүчү аталат. Калыстар тобунда отурган музыкант Рафаэль Сарлыков болочоктогу жылдыздын талантына баа берип, "Аракет" ансамблине чакырган.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо" аянтындагы дүйнөлүк жылдыздардын концерти
Концерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтындагы дүйнөлүк жылдыздардын концерти

3. Анын кыргыз тилинде ырдаган "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Сыйкырчы", "Баарын түшүнөм", "Эсимде" сыяктуу ырлары бар. Маектерде ырчы Сардарбек Жумалиевдин "Сен менин жазылбаган ырларымсың" аттуу чыгармасы анын визиттик карточкасына айланганын белгилейт. Назаренко кыргызча сөздөрдү так, даана айтууда устаты Рафаэль Сарлыков менен курбусу Жылдыз Осмоналиеванын эмгеги чоң экендигин айтып келет.

4. Россияга эмнеге кеткен? Кыргызстанда ийгиликтин жеткен чегине жетип, андан ары өсүүнү максат кылган. Назаренко жолдошу Алексей Лесников жетекчилик кылган "Пирамида" радиосунда иштечү. Москвага ырчы алгач радиодогу кесиптештери, ага-ини Дмитрий жана Леонид Притула менен кеткен.

5. Ийгилик жылмайбаган 5 жыл. Топтун эскерүүсүндө Москвада атактуулукка жете албай беш жыл кыйналышкан. Жаңы барганда Светлананын өз алдынча турганга акчасы жок, гитаристтер Маша, Леон, клавишада ойногон Дима менен эки бөлмөлүү квартирада чогуу жашашкан. Жолдошу жумушуна байланыштуу кызы менен Бишкекте калган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик наам ыйгарууда
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцев - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик наам ыйгарууда

6. Алгач клубдарда ырдап жүрүп, миң нуска менен "213 дорог" деген альбомду өз күчтөрү менен чыгарышкан. Бирок интернет желеси аркылуу таанылышып, радио менен телевидениеге чыга алышкан эмес. Топту сыртынан байкаштырып жүргөн "Реал-Рекордс" компаниясынын башкы директору чогуу иштешүүнү сунуштап, 2005-жылы 3-декабрда келишим түзүшкөн.

7. Атактуулуктун чокусуна жеткирген "Останусь" ыры. "Дневной дозор" тасмасы үчүн жазылган "Останусь" ыры "Город 312" тобуна ийгиликтин ачкычы болуп берди. Аталган ыр, клиби музыкалык хит-параддан түшпөй мекендештерибизди заматта атактуу топко айланткан.

8. Кыргызстанда Светлана Назаренко, Россияда Ая аттуу каймана ысым менен белгилүү. Ырчы "сахна үчүн кыска, оригиналдуу каймана ат тандоого туура келген" деп айтканы бар.

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Муз-ТВ-2014. Эволюция" сыйлыгы
Премия Муз-ТВ-2014. Эволюция - Sputnik Кыргызстан
"Муз-ТВ-2014. Эволюция" сыйлыгы

9. Топ 2016-жылы 28-октябрда Москвада 15 жылдыгын "ЧБК" (чёрный, белый, красный) деген концерт менен белгилешкен. Топ бул тууралуу "ак менен кара – бул контраст. "Город 312" тобу мына ушундай бири-бирибизге карама-каршы келген, ар башка адамдарбыз. Кызыл болсо топко тийиштүү адамдарды байлап турган жип. Бул жип энергия, чыгармачылык, музыка" деген.

Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Сакадай бою сары алтын Атай Өмүрзаков 27 жашта! Бийчи тууралуу 10 факты
10. Жыл сайын Ысык-Көлдө эс алышат. Ырчы туулуп-өскөн мекени тууралуу, анын ичинде Ысык-Көл жөнүндө маектеринде айтып, дүйнө элдерине таанытып келет. Мекендештерге ар тараптан колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук концерттерине да катышып келет. Светлана Назаренко маектеринин биринде "кийин Ысык-Көлдө жашагым келет, бирок бул үчүн телегейи тегиз карылыкта жашаганыма шарт түзүп алышым керек" деп айткан.

11. Топ үчүн ак жолтойго айланган 312 саны. Бул баарына маалым болгондой Бишкек шаарынын коду. Светлананын эскерүүсүндө алгач Москвага келип жашаган батиринин номери 312 эле. "Реал Рекордс" компаниясы менен келишимди капыстан 3-декабрда (3.12.) түзүшкөн.

12. Сыйлыктары. Өлкөнүн атын алыска таанытып, талыкпай эмгектенгени үчүн Назаренко КРдин Эмгек сиңирген артисти, 2015-жылы "Бишкектин ардактуу атуулу", 2016-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.

Айрым маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0