01:06 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Кыргыз Эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун архивдик сүрөтү

Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулар сынагы жарыяланды

© Фото / предоставлено семьей Нурака Абдрахманова
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
4610

Кароо сынак Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын кичи залында 9-ноябрь күнү өтөт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргыз Эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулардын республикалык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине комузчу, сынактын уюштуруучусу Рахат Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, кароо сынак Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын кичи залында 9-ноябрь күнү саат 9:00дө башталат.

"Бул иш-чарага Нурак Абдрахмановдун күүлөрүн жогорку деңгээлде черте билген 35 жашка чейинки комузчулар катыша алат. Алар залкар комузчунун "Соң-Көл", "Улуу тоолор", "Мезгил жаңырыгы", "Аттила хан", "Ата мурасы", "Азаттык камбаркан", "Өмүр көчү", "Алтын балалык", "Үркүн", "Шаттык" аттуу күүлөрүнүн ичинен үчөөнү тандап чертүүсү шарт", — деди Абдрахмановдун шакирти.

Көчөрбаев жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 10-ноябрда өтө турганын кошумчалап кетти.

Тема боюнча

Күүнүн атасы Нурак Абдырахманов бүгүн 69 жашка чыкмак…
Нурак Абдрахманов, жазылбай калган тарых, Нобель сыйлыгына көрсөтөбүз деген китеп
Белгилер:
жылдык, комузчу, сынак, Нурак Абдрахманов, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ