"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалына арыздар кабыл алынууда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын жыйынтыгында "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын атайын байгеси" жана башка номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кино фестивалына арыздарды кабыл алуу 1-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Аталган фестиваль 12-15-декабрда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында өтөт.

"Фестивалга 30 мүнөттөн ашпаган документалдык, анимациялык тасмалар катыша алат. Учурда жалпысынан 200 тасма келип түштү", — деп айтылат маалыматта.

Актер, Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кинону чаксаңыз, Жумадыловдун тасмаларын таанып бериңизчи. Тест
Бул жылы маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналат.

Уюштуруучулардын айтымында, конкурс эки программадан — эл аралык жана улуттук деп бөлүнөт. Ар бир программа боюнча 15тен тасма тандалып алынат. Фестивалдын алкагында мастер-класстар, атайын көрсөтүүлөр өтөт.

Фестивалдын жыйынтыгында "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын атайын призи" сыяктуу жана башка номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Байге фондусу — 500 миң сом.

Иш-чара "Айтыш" коомдук фондусу, Кинематография департаменти жана Кыргызстандын кинематографисттер союзу тарабынан уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0