Опера жана балет театры жаңы сезонун "Айчүрөк" спектакли менен ачат

Жазылуу
Фестивалда Кыргызстандан тышкары Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин таланттары да өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театры 75-сезонун "Айчүрөк" спектакли менен ачат. Бул тууралуу театрдын расмий сайтында жарыяланган.

Театрдын эшиги көрөрмандарга 14-октябрь күнү ачылып, бул күнү Болот Миңжылкиев атындагы эл аралык опера искусствосунун үчүнчү фестивалы да старт алат.

Фестивалда Кыргызстандан тышкары Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин таланттары да өз өнөрлөрүн тартуулап, иш-чара 22-октябрга чейин уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0