Жакында ЖОЖдордо "Китеп кудугу" долбоору старт алат

Жазылуу
Жаштарды китеп салуу маданиятына үндөгөн долбоорду "Сабат" кыргыз китеп борбору Мамлекеттик китеп палатасы менен биргеликте уюштурмакчы.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. 20-октябрдан тарта борбор калаанын жогорку окуу жайларында "Китеп кудугу" долбоору старт алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Сабат" кыргыз китеп борборунун мүчөсү Нурбек Калыгулов билдирди.

Анын айтымында, долбоор Мамлекеттик китеп палатасы менен биргеликте уюштурулуп, жаштарды китеп сатып салуу маданиятына үндөө максатын көздөйт.

"Ошондой эле негизги максат кыргыз китептерин элге жайылтуу менен жаштар арасында кыргыз тилинин баркын көтөрүү, алардын кыргыз чыгармаларына кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Бүгүнкү күндө биз шаардагы негизги окуу жайлар менен келишимдерди түзүп жатабыз. Анда ар бир университетке жаштар арасында жакшы окула турган 1000ден китеп беребиз. 20-октябрдан тарта алар берилген китептерди кудук сымал тизип алып сата баштайт. Кайсы университет биринчи сатып бүтсө ага 30, 20, 10 жана 5 миң акчалай сыйлык жана диплом, грамоталар тапшырылат", — деди Калыгулов.

Долбоордун алкагында "Тарыхтын таасын сөздөрү", "Кыргыз эл жаңылмачтары", "Кыргыз эл табышмактары" "Аталар айткан алп сөздөр" жана "Акыл кенчи" деген китептер сатылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0