Кыргыз режиссерлору Түркиядагы кино фестивалдан үч байге утуп кайтышты

© Фото / Айпери СейитбековаФестиваль документального кино "Тюркский мир"
Фестиваль документального кино Тюркский мир - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байгелүү кайткан режиссерлор Кыргыз-түрк "Манас" университетинин мугалим, студенттери болуп эсептелет.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор Түркияда өткөн "Түрк дүйнөсү" даректүү тасмалардын фестивалынан байгелүү кайтышты. Бул тууралуу аталган фестивалдагы калыстар тобунун мүчөсү Стамбулбек Мамбеталиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, сынак студенттер жана профессионалдар арасында эки категорияда өткөрүлгөн.

"Студенттер арасында Касиет Кубанычбекованын "Оймок" тасмасы биринчи, Айзада Алиеванын "Дербиш" фильми үчүнчү орунга жетишти. Ал эми профессионалдар категориясында Молдосейит Мамбетакуновдун "Аталардан калган сөз" тасмасы экинчи орунду багындырды", — деди Мамбеталиев.

Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи 30-сентябрь күнү Түркиянын борбору Стамбул шаарында өткөн.

Съемки фильма Саякбай режиссера Эрнеста Абдыжапарова - Sputnik Кыргызстан
"Саякбай" тасмасы Монреалдагы кинофестивалдан байгелүү кайтты
"Профессионалдар категориясында 80 эмгек ат салышкан. Анын ичинен үчөө кыргыз режиссерлорунуку. Студенттер категориясы боюнча 25 тасма каралды. Алардын төртөө Кыргызстандан жөнөтүлгөн", — деди ал.

Касиет Кубанычбекова менен Айзада Алиева Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери. Молдосейит Мамбетакунов да аталган окуу жайда мугалим болуп иштейт.

"Түрк дүйнөсү" даректүү тасмалардын фестивалы быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Ага 23 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Өткөн жылы ушул фестивалдан баш байгени "Көч" тасмасы менен Артыкпай Суйүндүков алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0