Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие международного этнокарнавала "Иссык-Куль собирает друзей — 2017" в Бишкеке
Открытие международного этнокарнавала Иссык-Куль собирает друзей — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада коңшу өлкөнүн таланттары өнөрүн тартуулайт

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрь күндөрү Бишкек менен Ош шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрү өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Международный фестиваль ART-ORDO в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ART-ORDO театр-фестивалында "Тумар ханыша" баш байгени багындырды
Программа боюнча делегациянын Кыргызстанга 5-октябрда келүүсү күтүлүп жатат.

6-октябрда делегация министрликке келет. Күндүз "Октябрь" кинотеатрында "Ойкиз эртаги" тасмасынын көрсөтүлүп, кечинде Улуттук филармонияда искусство чеберлеринин концерти өтмөкчү.

Эртеси маданий иш-чара Ош шаарында уланат. "Сейтек" кинотеатрында өзбек тасмалары көрсөтүлүп, кечки концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына пландалган. Мындан тышкары, эки күнү тең сүрөт көргөзмөлөрү тартууланат.

Өзбекстандын делегациясы 8-октябрь күнү кайтмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0