Борбор калаада кайрымдуулук спектакли көрсөтүлөт. Кирүү акысыз

Жазылуу
Спектаклде моргдо ойгонуп, ал жактан чыга албай жаткан эки аялдын окуясы чагылдырылат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрында "Уйти или остаться" аталышындагы кайрымдуулук спектакли тартууланат.

Театрдын Facebook баракчасындагы маалыматка ылайык, кирүү акысы бекер.

Анда моргдо ойгонуп, ал жактан чыга албай жаткан эки аялдын окуясы чагылдырылат. Спектакль кошумча түшүнүксүз абалдар менен коштолуп, адамды ойлонткон жашоодогу маанилүү учурлар көрүүчүлөргө сунушталат.

Маданий иш-чара 29-сентябрда саат 15.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0