Бек Борбиев 48 жашта! Белгилүү өнөрпоз тууралуу 12 факты

© Sputnik / Жоомарт УраимовКРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиевдин архивдик сүрөтү
КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин Эмгек сиңирген артисти, жумурай журтка аттын кашкасындай таанымал эстрада ырчысы Бек Борбиевдин туулган күнү. Ал мындан 48 жыл мурда, 24-сентябрь күнү Токтогул районундагы Торкен айылында туулган.

Мындан улам Sputnik маалымат агенттиги ырчы тууралуу 12 факты даярдады.

1. Токтогулдун торгою. Балалыгы Терек-Суу деген айылда өткөн. Ал жакта 4-класска чейин окуп, кийин Торкен айылына көчүп барып окуусун уланткан. 7-классты аяктап жайкы эс алууга чыккан кезде колуна аккордеон алып, үч айда ойногонду үйрөнүп алган. 8-классында ыр жазып көрүп, бирок ал учурда чоң-чоң акын, музыканттар гана ыр жазат деген түшүнүктө болгон. Анан да мектеп курагында кыздардын көз жаздымынан кем калбаган жигит болгон. Эл жөнөкөй кат жазса, ал ыр аралаштыра жазып көп сулуунун жүрөгүн багындырган.

© из личного архива Бека БорбиеваМектеп курагында спортко, ырга, шоктук кылганга да жетишкен бала болгон
Дембельский альбом - Sputnik Кыргызстан
Мектеп курагында спортко, ырга, шоктук кылганга да жетишкен бала болгон

2. Кесип тандаткан жол азабы. Ырчы Политехникалык институттун авто унаа жолун куруу бөлүмүн аяктаган. Бул кесипти тандап калышына Токтогулдун жолунун начардыгы көкөйгө тийиши себеп болгон. Анткени студенттик курагында айылына көп каттачу. Баса, ырчы дагы эки жогорку билимдин ээси. Кыргыз мамлекеттик транспорт, курулуш жана архитектура университетинин бажы кызматкери бөлүмүн, Искусство жана маданият институтунун уюштуруу-мененджер факультетин аяктаган.

Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
"Майлуу-сүттүү" кызматта жүргөн Кубанычбек Кулматов тууралуу 7 факты
3. Студенттик кезден башталган чыгармачылык. Ырчынын студенттик учурунда балдар талаа иштерине чыгарылчу. Ошол күндөрү жумуш бүткөндөн кийин чогуу отуруп эс алганда, болочок аткаруучу адатынча ырларынан созуп койчу. Бара-бара студенттер ырларын суранып уга баштаган. Жаш ырчынын өнөрүн мугалимдер да байкап студенттик "Ала-Тоо жазы" фестивалына автордук ырлар жанры боюнча сынакка катыштырышкан. Анда лауреат аталып, чыгармачылыкка мурдагыдан да кызыга баштаган.

4. Биринчи элге таанылып, анан телеге чыккан. Сахнага 1990-жылы ырдап чыкканы менен телеге чакыруулар болгон эмес. Ошондуктан ырчыны өңүнөн эмес, ырларынан таанышчу. Концерт коюп аймактарга барганда аткаруучунун өзүнөн "Бек Борбиев келдиби?" деп сурагандар болгон.

5. Сахнадан кетем деген. Бир кездери чыгармачылыкты жыйынтыктап, чоң сахнадан кетем деп калың журтка жар салган. Буга ырчынын Бажы кызматында, Кыргызпатентте иштеши себеп болгон.

6. Сынга алынган учур. 2014-жылы өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин тоюна барып ырдап сынга кабылган. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары менен да иштешпей калган. Бул боюнча ырчы "талант жер тандабайт" деп жооп кайтарган.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБек Борбиевдин 500гө чукул ыры бар. Алардын көбүнүн сөзү менен обонун өзү жазган
Заслуженный артист КР Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиевдин 500гө чукул ыры бар. Алардын көбүнүн сөзү менен обонун өзү жазган

7. Актер катары да өзүн сынаган. 2011-жылы өзү продюсерлик кылган "Мен сүйгөн карагат" тасмасына тартылган. Кийин ырчынын талантына баа бергендер да, сындагандар да четтен чыккан.

8. Ырларынын саны 500гө чамалайт. Бул тууралуу өзүнүн тастыктаган жайы бар. Бек Борбиевдин репертуарындагы көпчүлүк ырлардын сөзү-обону өзүнө таандык. Чыгармаларынын басымдуу бөлүгүн сүйүү темалары түзөт.

9. Спорт. Бою 180 сантиметр. Өзүнүн айтымында мектеп курагында спортко, ырга, шоктук кылганга да жетишкен бала болгон. Жаш кезинде спорттун күрөш, бокс, волейбол түрү менен алектенген. Азыр бильярд ойногон жагынан алдына киши салдырбайт. Эрежесиз уруш сүйүүчүлөрүнүн катарын толуктайт.

Заслуженный артист Кыргызской Республики Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Сыймык Бейшекеев 43 жашта. Ырчы тууралуу кызыктуу 7 факты
10. Интернет түйүнүнүн активдүү колдонуучусу. Маселен, Instagram баракчасына 158 миң адам катталган. Ал эми фейсбук өңдүү социалдык желелерде эбак лимити толгон. Чыгармачылыгына байланыштуу постторду бөлүшүп, актуалдуу окуяларга үн кошуп турат.

11. Он сегиз жашынан бери мурут коюп келет. Ырчынын "Мурут мен үчүн идеал же стиль деле эмес. Муруту жок концерт койгон, ырдаган учурларым көп эле" деп айтканы бар. Анткен менен узун элдин учугуна илинген Бек Борбиев деген чоң ырчыны муруту жок элестетүү кыйын.

12. Жеке жашоосу. Келинчеги Фарида менен студент кезинде таанышкан. Ал Нарындын кызы, кесиби инженер-куруучу. Кыз-жигит болуп үч жылдай сүйлөшүп 1989-жылдын күз айында үйлөнүшкөн. Ханбото, Бабур аттуу уулдары бар. Улуу кызы турмуш жолунда, кичүү кызы мектеп окуучусу.

Жаңылыктар түрмөгү
0