БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Катардын борбору Доха шаарынын чок ортосунда кыргыз боз үйү тигилип, ал көптөрдүн кызыгуусун жаратып жатканын Кыргызстандын аталган мамлекеттеги элчиси Нуран Ниязалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан бул иш-чарага конок катары катышууда жана анда кыргыздын улуттук кийимдери көрсөтүлүп, жаа атуу өнөрү тартууланат.
"Бул иш-чарада боз үйдү таанытып, кыргыздардын маданиятын, тарыхын, салт-санаасын араб мамлекеттеринде жайылтууну көздөдүк. Катардагы биздин мекендештер комузда кол ойнотуп, ооз комуз жана чопо чоор чертишет. Алар келген меймандарды улуттук кийим кийип алып боорсок менен тосушат", — деди Ниязалиев.
Дохада тигилген боз үй дал ушул иш-чара үчүн Бишкектен алынган.
Доха шаарында 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин мергенчилик жана шумкардын биринчи жолу эл аралык көргөзмөсү (Hunting and Falcons Expo) өтөт. Ага Катар, Кувейт, Испания, Пакистан, Германия, АКШ, Франция, Ливан жана башка мамлекеттер катышат.
Анын максаты шумкар менен аңчылык кылууну жайылтуу жана бул тармакта жетишилген жаңы ийгиликтерди бөлүшүү болуп саналат.