02:42 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Нарын шаарында кыргыз маданиятын, каада-салтын даңазалаган Нукура фест маданий иш чарасы өтүп жатат

Каада-салт менен коштолгон майрам. Нарында "Нукура фест" өтүп жатат

© Sputnik / Нурзада Мукашева
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
301 0 0

Маданий иш чараны көрүүгө жергиликтүү тургундар жана 100дөн ашуун турист келген

БИШКЕК, 16-cен. — Sputnik. Нарын шаарында кыргыз маданиятын, каада-салтын даңазалаган "Нукура фест" маданий иш чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Нарын шаарында кыргыз маданиятын, каада-салтын даңазалаган Нукура фест маданий иш чарасы өтүп жатат
    Нарын шаарында кыргыз маданиятын, каада-салтын даңазалаган "Нукура фест" маданий иш чарасы өтүп жатат
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
  • Фестиваль шаардын Ала-Тоо стадионуна уюштурулуп, аны көрүүгө жергиликтүү тургундар жана 100дөн ашык турист келген
    Фестиваль шаардын "Ала-Тоо" стадионуна уюштурулуп, аны көрүүгө жергиликтүү тургундар жана 100дөн ашык турист келген
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
  • Нарын шаарынын 149 жылдыгына арналган салтанат чоң программадагы бүгүн, 16-сентябрда кечинде концерт жана фейерверк менен жыйынтыкталат.
    Нарын шаарынын 149 жылдыгына арналган салтанат чоң программадагы бүгүн, 16-сентябрда кечинде концерт жана фейерверк менен жыйынтыкталат.
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
1 / 3
© Sputnik / Нурзада Мукашева
Нарын шаарында кыргыз маданиятын, каада-салтын даңазалаган "Нукура фест" маданий иш чарасы өтүп жатат

Фестиваль шаардын "Ала-Тоо" стадионуна уюштурулуп, аны көрүүгө жергиликтүү тургундар жана 100дөн ашык турист келген.

"Иш чаранын ачылыш аземи театрлаштырылган оюн-зоок программа менен башталып, анда кыргыздын келин алуу, бешикке салуу сыяктуу каада-салттары көрсөтүлдү. Мындан тышкары улуттук кийим-кече жана тамак-аш көргөзмөгө коюлуп, келген конокторду көңүл кош калтырган жок", — деди кабарчы.

Нарын шаарынын 149 жылдыгына арналган салтанат чоң программадагы бүгүн, 16-сентябрда кечинде концерт жана фейерверк менен жыйынтыкталат.

Тема боюнча

Ачык асман алдындагы дене бойду титиреткен концерт
Ошто "YugExpo 2017" буюм-таймдардын көргөзмөсү эшигин ачты
Белгилер:
иш-чара, каада-салт, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ