16:23 24 Аяк оона 2017
Түз эфир
Саякбай Каралаевдин эстелеги. Архивдик сүрөт

"Саякбай" тасмасы Ошто көрсөтүлө баштайт

© Sputnik / Нургуль Максутова
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
40 0 0

Буга чейин тасма бир нече ирет тар чөйрөдө көрсөтүлгөнү менен Бишкек шаарында жалпы коомчулукка 7-сентябрдан тарта тартуулана баштады

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында "Саякбай" тасмасынын бет ачары болорун "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондусунун менеджери Азамат Нусупов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Тасма саат 18.00дө "Семетей" кинотеатрында тартууланмакчы.

Буга чейин тасма бир нече ирет тар чөйрөдө көрсөтүлгөнү менен Бишкек шаарында жалпы коомчулукка 7-сентябрдан тарта тартуулана баштады.

Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат. Залкар манасчынын жаш кезин кичинекей Үмөт манасчы аткарса, улуу курагын актер Марат Жантелиев ойногон.

Тема боюнча

Аңтар-теңтер түшүргөн тасма. Саякбайдын аянын көрдүм...
"Саякбай" фильми тууралуу. Манасчы элине кайтып келгендей эле болду
"Саякбай" тасмасы Монреалдагы кинофестивалдан байгелүү кайтты
Белгилер:
бет ачар, "Саякбай" тасмасы, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ