21:46 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Режиссер Таалайбек Кулмендеевдин Мунабия тасмасынан кадр

Түштүк Кореяда "Мунабия" кыргыз киносунун дүйнөлүк премьерасы болот

© Фото / Марс Умаров
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
10410

Мунабия — кыргыздардын Ромео менен Жульеттасынын сүйүү тарыхын чагылдырат

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Режиссер Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореяда өтөт. Бул тууралуу продюсер Талантбек Төлөбеков билдирди.

  • Режиссер Таалайбек Кулмендеевдин Мунабия тасмасынан кадр
    Режиссер Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмасынан кадр

1 / 4
© Фото / Марс Умаров
Режиссер Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмасынан кадр

Анын айтымында, тасма 12-21-октябрь аралыгында Түштүк Кореяда өтө турган Пусан эл аралык кинофестивалында тартууланат.

"Кыргыз киносунун премьерасы 13-октябрь күнү Busan Cinema Center борборунда көрсөтүлөт. Ошондой эле үч ирет, 13-19-20-октябрда көрүүчүлөрдүн назарына тартууланат. Кинонун бардык убактысы прайм тайм учуруна коюлган", — деди Төлөбеков.

Тасма 70 миң долларга тартылып, 71 мүнөткө созулат. Кыргыздардын Ромео менен Жульеттасынын сүйүү тарыхын чагылдыраган тасма белгилүү жазуучу Казат Акматовдун "Мунабия" новелласынын негизинде тартылган. Чыгарма 1970-жылы "Жылдын эң мыкты чыгармасы" деп таанылып, сыйлыкка татыганы белгилүү.

Тема боюнча

"Саякбай" тасмасы Монреалдагы кинофестивалдан байгелүү кайтты
Актан Арым Кубат: "Кентавр" тасмасы Финляндияда алгачкы ирет көрсөтүлөт
Финляндияда "Кентавр" тасмасынын бет ачары болот
Белгилер:
тасма, "Мунабия" кинодолбоору, Түштүк Корея

ЭҢ МААНИЛҮҮ