Бишкекте театрлардын "ART-ORDO" фестивалы өтөт

Жазылуу
Чет өлкөдөн келген адистер айтылуу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине жана көрүстөнүнө гүл коюушат

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында 11-16-сентябрь күндөрү "ART-ORDO" деген аталыштагы театрлар фестивалы болорун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага Кыргызстандыкынан тышкары, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын театрлары катышат.

"Фестивалдын катышуучулары сынактын программасына кирген жана кирбеген спектаклдерден тышкары, айтылуу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине жана көрүстөнүнө гүл коюу иш-чараларына катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле фестивалдын алкагында заманбап театр менеджменти темасында илимий-практикалык конференция өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0