"Сулайман-Тоо" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Канадада өтөт

© Sputnik / Влад УшаковВид на современный город Ош
Вид на современный город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманын дүйнөлүк бет ачары фестивалдын "Ачылыш" программасынын алкагында өтөт

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Россиялык кинорежиссёр Елизавета Стишованын "Сулайман-Тоо" көркөм тасмасы Канададагы 42-эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу тасманын администратору Чолпон Идрисова билдирди.

Анын айтымында, фильмдин дүйнөлүк бет ачары фестивалдын "Ачылыш" программасынын алкагында өтөт.

"Кинофестиваль Канаданын Торонто шаарында 7-17 сентябрь күндөрү өтөт", — деп жазылат маалыматта.

Премьер фильма Саякбай - Sputnik Кыргызстан
Аңтар-теңтер түшүргөн тасма. Саякбайдын аянын көрдүм...
Тасманын сценарийине ылайык, 45 жаштагы Карабас келинчеги Жыпар менен чогуу жашаганына карабай Турганбүбү аттуу жаш кыз менен жолугуп жүрөт. Жубайлардын Улук аттуу баласы 4 жашында балдар үйүнөн жоголуп кетет. Турганбүбүнүн боюнда болуп калганын уккан Жыпар үй-бүлөнү сактап калуу үчүн баланы асырап алууга барат.

Тасмага Елизавета Стишова режиссерлук кылса, сценарийин Алена Хмельницкая жазган.

Ал эми продюсерликти "9-рота" киносунун режиссеру Елена Яцура менен ЖК депутаты Садык Шер-Нияз аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0