Алып баруучу Жамгырчиева: учурда бир мырза менен турмуштук сыноодо жүрөм

© Sputnik / Табылды КадырбековТелеведующая Айзада Жамгырчиева
Телеведующая Айзада Жамгырчиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22 жаштагы Айзада Жамгырчиева — Коомдук биринчи каналда "Хит-парад", "Үй-бүлөлүк лото" берүүсүн, НТС телеканалында "Не жаңылык?" программасын алып барат. Ошондой эле тасмаларда роль жаратып, ири деңгээлдеги иш-чаралардан тарта жөнөкөй кыргыз тойлоруна чейин тейлейт.

Ай чырайлуу жүзү менен таланты ширелишкен Жамгырчиева журналист Гүлдана Талантбековага соңку жаңылыктары жана жеке жашоосу тууралуу ой бөлүштү.

— Айзада, жакында эле Ысык-Көлдө өткөн "Көчмөндөр кармашы" аталышындагы эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнирди алып бардың. Спорттук турнирлерди адатта мырзалар эле жөнгө салып койчу эле?

— Бизде ушул кезге чейин айымдар ринг-анонсери боло элек экен. Алгач сунуш түшкөндө жакшылап ойлондум. Себеби биздин коом бул тармакта айымдардын болушуна даяр эмес. Бирок ишти ойчул ойлонгончо, чечими күчтүү адам миң ирет жасап коет экен. Элге уят болбоюн деп интернеттен бардык ринг анонсерлеринин алып баргандарын карап чыктым. Менимче көп жаңылган деле жокмун. Жумушка эркек мүнөзүм да жардам берди деп ойлойм. Социалдык тармактан "ушуну кыз башың менен тим эле койсоң болмок" деп сын айткандар да болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлып баруучу Айзада Жамгырчиева: уюштуруучулар "эрежесиз эр таймаштын тарыхында биринчи жолу кыз алып барып жатат. Болду, мындан кийин биздин турнирди сен алып барасың" деп ыраазычылык сөзүн айтышты
Телеведующая Айзада Жамгырчиева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Айзада Жамгырчиева: уюштуруучулар "эрежесиз эр таймаштын тарыхында биринчи жолу кыз алып барып жатат. Болду, мындан кийин биздин турнирди сен алып барасың" деп ыраазычылык сөзүн айтышты

— Мен билгенден алып баруучу Кайрат Мусаев WEF турниринин дайымкы ринг-анонсери. Сен дагы "Көчмөндөр кармашы" спорттук уюму менен келишим түздүң беле?

— Уюштуруучулар "эрежесиз эр таймаштын тарыхында биринчи жолу кыз алып барып жатат. Болду, мындан кийин биздин турнирди сен алып барасың" деп ыраазычылык сөзүн айтышты. Ринг-анонсерликти оозеки түрдө макулдашып алдык.

— Турнир өткөн жерде балдар көп болот да. Таанышуу максатында сөз айткандар болдубу?

— "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" дейт. Жумушум менен жеке жашоомду аралаштырбайм. Эркек болгондон кийин тийишип сөз айтат, сыр бербегенге аракет кыласың.

Ведующая программы Тан шоола Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Канышай Рысбекова: эфир үчүн ар түрдүү бут тосуулар болду
— Эки телеканалда иштеп эки башка программаны алып барасың, кошумча концерт, кечелерди да жөнгө саласың, эми минтип спорттук турнирлерди алып барууга өтүпсүң. Сурайын дегеним, келечекте кайсы тармактан өзүңдү дасыккан адис катары көрөсүң?

— Суу ташка урулуп отуруп дарыя болот эмеспи. Журналистика тармагын төрт жыл, магистрдик бөлүмдү эки жыл окугандан кийин бул чөйрө — меники. Журналистиканын ар бир багытын көргүм келет. Спорт чөйрөсү да абдан жакты. Кайра жаралсам, спортчу болмокмун деп айтып калам. Учурда дене-түзүлүшүмдү бир калыпта сактоо үчүн гана спорт менен машыгам.

Келечекте көмүскөдө жаткан социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган ток-шоу ачкым келет.

— Сен экөөбүз бир окуу жайда, менден бир курс өйдө окудуң. Университетте жүргөндө эле бир нече программаны алып барганга жетишип, эл оозуна алына баштадың. Жумуш жагынан жолдуу болдуң окшойт?

— Кайсы бир ишти жасайм десем, эбептен себеп болуп отуруп ошол иш орундалат. Ичимден Кудайым бар деп коем. Жумушту берилүү менен аткарсаң, ийгиликтин каалгасы ачыла берет экен. Болгону бут тоскондорго көңүл бурбай, жумушуңду жасай беришиң керек.

Жолдуу болгонумдун дагы бир себеби ата-энемдин батасы деп эсептейм. Жумушумду сыйлап, ар дайым жылуу сөздөрүн айтып турушат.

— Сөз байлыгыңдын кенендигин программалардан байкаса болот. Китеп менен достошкондун пайдасыбы?

— Атам көп сүйлөбөйт, бирок сөздү чымчып айтат. Туура эмес иш кылсак, "кыз он бешке чыккыча түзөлбөсө, түзөлбөйт" деп тарбиялачу. Макал-лакап, учкул сөздөр менен зээнге жеткирип коет.

Алып баруучулардын тамагы — тил. Заманга жараша аны байытып туруш керек. Китеп жакшы жардам берет. Кээ бир адамдардын таамай сүйлөгөнүн угуп калганда эске түйүп алабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйзада Жамгырчиева: атам көп сүйлөбөйт, бирок сөздү чымчып айтат. Туура эмес иш кылсак, "кыз он бешке чыккыча түзөлбөсө, түзөлбөйт" деп тарбиялачу
Телеведующая Айзада Жамгырчиева - Sputnik Кыргызстан
Айзада Жамгырчиева: атам көп сүйлөбөйт, бирок сөздү чымчып айтат. Туура эмес иш кылсак, "кыз он бешке чыккыча түзөлбөсө, түзөлбөйт" деп тарбиялачу

— Ал үчүн дагы куйма кулак болуш керек да.

— Сырттан тааныган адамдар жашоодо деле эфирдегидей тили буудай кууруса керек деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен негизи көп сүйлөбөгөн адаммын. Башкаларды берилүү менен укканды жактырам. Эч ким жок болсо өзүмдүн дүйнөмө кирип алып, ойго чөмүлүп жүрө берем. Кээде түнт болуп да кетмейим бар.

— Соңку ирет кайсы китептерди окудуң?

— Роберт Кийосакинин мотивациялык китебин бүтүрүп, казак продюсери Баян Эсентаеванын "Обо мне" китебин ортолоп калдым. Туулган күнүмө Чыңгыз Айтматовдун үч томдук китебин белекке алгам. Буюрса окуп бүтүрөйүн деген тилегим бар. Жакында эле Жыпара Исабаеванын "Канат менен Заринанын сүйүүсү" китебин окудум. Жүрөгүм ушунчалык сүйүүгө суусаганбы бейм, чыгарманы окуп болушунча ыйладым. Жан дүйнөмдө кичинекей бала жашайт. Азыр да чыгарманын талылуу жерлерин эстесем, көзүмө жаш айланат.

— Жүрөгүң сүйүүгө суусагыдай анча эмне болду?

— Чыгармачыл адамдар ар дайым көңүл бурууга, сүйүүгө суусап турат экенбиз. Түздөн түз сүйүү темасына келе турган болсок, жакынкы убакта турмушка чыгуу планым жок. Бирок туулган күнүмдө атам "жеке турмушуңду куруп ал" деп жакшы тилегин айтты. Мени, ата-энемди сыйлаган жигитке турмушка чыксам деген ниетим бар.

Жеке жашоомдо бир инсан бар, ал экөөбүз сыноодо жүрөбүз. Жашоодо ар кандай нерселер болот. Бир мүнөттүн ичинде көз карашың өзгөрүп кетиши ыктымал.

КТРКнын Ала-Тоомаалымат программасында диктор Нуржан Ташполот кызы маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Нуржан Ташполот кызы: маек алчу кишим "сиз жанагы Барбисизби" десе, чочуп кетипмин
— Айзада, биз жаштар жеке жашоону өтө баамчыл көз караш менен карап калдыкпы деген ой кетет?

— Кесип тандоодон жаңылган жокмун, жеке турмушуман да адашпасам экен дейм. Биздин кесипти ар бир эле мырза түшүнө бербейт. Жакшынакай сүйлөшүп келесиң, жумушка келгенде маселе пайда болот. Бүгүн кол кармашып, эртең эки жолго түшкөндөр көп. Турмушумда бир гана мырза менен чачым агарса экен дейм. Мырзаларды кыл элекке салып кыйнайм деп айтпайм, ортодогу сый маанилүү. 

— Интервьюлардын биринде мага жөнөкөй жана спорт менен машыккан мырзалар жагат деп айтыптырсыз. Жеке жашооңдогу мырза талаптарга жооп берип жатабы?

— Спортту мага караганда абдан жакшы түшүнөт. Кээде машыгууда жүрүп түнкү он экиге чейин кармалып калат. "Мага убакытты аз бөлүп жатасың" деп таарынып калам. Профессионалдуу спортко аралашууну максат кылбайт, башка багыттагы иши менен алектенет.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйзада Жамгырчиева: сырттан тааныган адамдар жашоодо деле эфирдегидей тили буудай кууруса керек деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен негизи көп сүйлөбөгөн адаммын. Башкаларды берилүү менен укканды жактырам
Телеведующая Айзада Жамгырчиева - Sputnik Кыргызстан
Айзада Жамгырчиева: сырттан тааныган адамдар жашоодо деле эфирдегидей тили буудай кууруса керек деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен негизи көп сүйлөбөгөн адаммын. Башкаларды берилүү менен укканды жактырам

— Ата-энеңиз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Өтө жөнөкөй адамдар. Атам өмүр бою ишкерлик менен алектенип, Таластан Жамбылга жашылча ташып сатат. Апам айылда чакан дүкөндү иштетет. Буюрса ата-энем келе жаткан жылы алтымышка чыгат. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кенжесимин. Байкем жана эжем бар. Турмушта орундарын таап, үйлөнүп жайланышкан.

— Түшүнүктүү. Сага инстаграмга катталгандардын саны 125 миңден ашыптыр. Бул оңой сан эмес?

— Мен кишинин санын көбөйтүү максатында атайын кадамдарды деле жасабайм. Маалы менен сүрөт жүктөп, жаңылмачтарды киргизип турам. Өзгөчө "даң-даң" деген жаңылмачыңды айтып берчи деп сурангандар көп.

— Жаңылмачтарды бир канча убакыт дем албай, безилдетип айтканды кантип үйрөндүң?

— Жакшы түшүнүп алып туруп жаттаса, айтканга оңой болот. Анан дайым кайталап туруш керек.

— Бир нерселерди жарнамалап бер дегендер көп болсо керек?

— Мага катталгандардын саны 70 миңден ашкандан кийин жарнамага сунуш түшүп баштады. Кийимге салыштырмалуу, боенгуч каражаттарына көп суранышат. Бирок бир талабым бар. Каражат өзүмө жакпай калса жарнамалай албайм.

— Ошондой сунуштарды четке кагып койгон учурлар болду беле?

— Бир жолу сапаттуу кирпик деп кошуп беришип, ал беш күндөн кийин сынынан кетип калган. Мындан улам жарнамалоодон баш тарткам.

— Алдыда кандай пландарың бар?

— Учурда "Не жаңылык?" программасынын 3-сезону тартылып жатат. Кино жаатында "Сүйүү керемет" тасмасында терс каармандын ролун ойноп жатам. Учурда үй-бүлө курууну көбүрөөк ойлоп калдым.

Жаңылыктар түрмөгү
0