Кыргыз-казак айтышынын мыктылары топ жарып чыкты

Жазылуу
Байге фондусу 2 миллион сомду түздү. Салтка айлангандай, бу жолу да кош байге сайылган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Айтылуу акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган XI эл аралык айтыш жыйынтыкталып, кыргыз жана казак акындарынын ичинен жеңүүчүлөр аныкталды.

Төкмөлөрдүн сөз жарышына эки өлкөдөн сегизден ак таңдай тандалып, бүгүн финалы өттү. Ага кыргыз тараптан Амантай Кутманалиев, Идирис Айтбаев, Болот Назаров жана Асылбек Маратов, ал эми казак тараптан Сара Токтомушева, Айбек Калиев, Мухтар Ниязов жана Рүстөм Кайыртай уулу чыкты.

Атай Өмүрзаков менен Адем тобу өнөрлөрүн тартуулады. ЭКСПОдогу видео - Sputnik Кыргызстан
Атай Өмүрзаков менен "Адем" тобу өнөрлөрүн тартуулады. ЭКСПОдогу видео
Чучу кулактын натыйжасында Идирис Айтбаев Сара Токтомушева менен айтышса, Асылбек Маратовго Айбек Калиев туш болду. Мухтар Ниязов менен Болот Назаров күч сынашса, Амантай Кутманалиев Рүстөм Кайыртай уулу менен кыл чайнашты.

Жыйынтыгында кош байге сайылган айтыштын баш байгесин кыргыз акындарынын арасынан Асылбек Маратов жеңип алды. Ал эми үчүнчү орунду Идирис Айтбаев, экинчини Болот Назаров, биринчини Амантай Кутманалиев илип кетти.

Казак акындарынын арасынан үчүнчү орунду Айбек Калиев, экинчини Сара Токтомушева, биринчини Рүстөм Кайыртай уулу алса, баш байгеге Мухтар Ниязов татыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0