Өзбекстанда өткөн музыкалык фестивалда кыргызстандыктар экинчи орун алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль 25-августтан 30-августка чейин Самарканд шаарында

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Өзбекстанда өткөн "Шарк тароналари" фестивалында кыргызстандыктар экинчи орун алды. Аларга 5 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык дагы берилгенин Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Самарканд шаарында аталган фестивалдын гала-концерти 30-августта болуп, анда конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Музыкалык бул фестивалга 59 мамлекеттен 240тан ашык музыканттар менен артисттер келген.

Музыкант, народный артист КР Курмангазы Азыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Курмангазы Азыкбаевдин айылга каты. Нарынга качырган пахта, жымыйткан алгачкы сүйүү
Үчүнчү орунга Иран, Индонезия жана Түркиядан келген топтор татып, 3 миң доллардан акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми эки экинчи орунга Кыргызстандан барган "Мурас" ансамбли менен Литвадан келген Sauges дуэти ээ болду. Аларга 5 миң доллардан сыйлык тапшырылды.

Ал эми биринчи орунга Түштүк Корея менен Өзбекстандан барган эки ансамбль татып, 7 миң доллар менен сыйланышты. 

Баш байге болсо Азербайжандан келген музыканттар Сахиб Пашазаде менен Камран Каримовго буюрду.

"Шарк тароналари" музыкалык эл аралык фестивалы 25-августтан 30-августка чейин Самарканд шаарында өттү. Ал биринчи жолу 1997-жылы маркум президент Ислам Каримовдун демилгеси менен уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0