Айтышта кыл чайнаша турган кыргыз-казак акындары белгилүү болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомузчу, акын. Архив
Комузчу, акын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байге фондусу 2 миллион сомду түзүп, жеңүүчүлөргө кош байге сайылган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө жана залкар акын, КР эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдык мааракесине карата өтө турган XI эл аралык айтышка катыша турган кыргыз жана казак акындары белгилүү болду. Бул тууралуу "Айтыш" фондусунун тең төрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Анын айтымында, төкмөлөр таймашына кыргыз тараптан Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Идирис Айтибаев, Изат Айдаркулова, Жылдызбек Төрөканов, Кадырбек Бейшенов, Болот Назаров жана Асылбек Маратов катышат.

"Ал эми казак туугандардан Айбек Калиев, Анар Жаппаркулова, Бөрүбай Орозумбетов, Жаркынбек Наушабеков, Сара Токтомушова, Рүстөм Кайыртай уулу, Мухтар Ниязов жана Нурлубек Курманов келмей болушту", — деди Маратов.

Эскерте кетсек, айтыш 30-31-август күндөрү улуттук филармониянын чоң залында өтүп, саат 17.00дө башталат. Байге фондусу 2 миллион сомду түзүп, жеңүүчүлөргө кош байге сайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0