Өкмөт Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин кантип өткөрөрүн талкуулады

© Фото / Александр ФедоровПоследняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова
Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков жазуучунун мааракесин татыктуу өткөрүү керектигин баса белгилеп, ага жоопкерчилик менен даярдыктарды көрүү зарылдыгын айтты

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитети менен жолугуп, пландарды талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун ааламына сүңгүйбүз. Чыгармалар менен каармандарды канчалык билесиз?
Уюштуруу комитети 2017-жылы 24-июлда өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн. Бүгүнкү жыйынга жазуучунун карындашы менен уулу да катышкан.

Анда III Ысык-Көл интеллектуалдык форумуна киргизиле турчу кошумчалар, Айтматовдун чыгармаларын окуган чет элдиктердин видеосун уюштуруу, эл аралык театр фестивалдарын, кино күндөрүн өткөрүү талкууланган.

Жээнбеков жазуучунун мааракесин татыктуу өткөрүү керектигин баса белгилеп, ага жоопкерчилик менен даярдыктарды көрүү зарылдыгын айтты. Коюлган планды ишке ашыруу үчүн Каржы министрлигине акчаны учурунда бөлүү милдеттендирилди.

Улуу жазуучунун көзү тирүү болгондо эмдиги жылы 90го чыкмак. Ал 1928-жылы 12-декабрда төрөлүп, 2008-жылы 10-июнда каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0