Палоону келтире жасап Дубайга жолдомо утуп ал! Ошто ашпозчулардын фестивалы өтөт

Жазылуу
Фестивалга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын мен-мен деген ашпозчулары катышат

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ошто "Азия элинин достугу" аталышындагы ашпозчулардын эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Ошто жараксыз абалга кептелген парк оңдолуп, бүгүн, 14-августта колдонууга берилгендигин шаардык мэрия кабарлады - Sputnik Кыргызстан
Ошто жарабай калган парк жаңыланып пайдаланууга берилди
Маалыматка ылайык, фестивалга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын мен-мен деген ашпозчулары келип, палоо жасап жарышат. Эң мыкты деп табылган ашпозчуга Дубайга жолдомо берилет.

Иш-чара 20-август күнү шаардагы "Сүйүү багында" (мурунку "Мээрим") саат 10.00дө башталат.

Ошондой эле мэрия фестивалга келген көрүүчүлөрдү да сюрприздер күтөөрүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0