Саманда жатып тасма көр! Ботаникалык бакта эко-тасма кечтери өткөрүлөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүСаманда отурган жуп. Архив
Саманда отурган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коноктор тасманы самандан жасалган түктөргө отуруп, ачык асман алдында көрүшөт.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта эко-тасма кечтери өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучу Нурсултан Ташбулатов билдирди.

Бишкектин борборундагы ботаникалык бак - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы ажайып бак. Гүлдөгөн магнолия, кучак жетпеген теректер
Иш-чараны алгач "Монокодогу ханайым" мультипликациялык тасмасы ачып берет.

Аталган жайда көрсөтүлө турган тасмалардын бардыгында экологиялык кырсык темасы камтылган.

Коноктор тасманы самандан жасалган түктөргө отуруп, ачык асман алдында көрүшөт. Мындан улам уюштуруучулар көрүүчүлөргө жылуу кийим жана төшөк алып алууну сунушташат.

Эко-тасма кечтери 14-15 жана 18-август күндөрү 20.30дан 22:00гө чейин өтөт. Билет баасы — 100 сом. Уюштуруучулар иш-чарадан түшкөн акча Ботаникалык бактын фондуна түшөөрүн белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0