Саймалуу-Ташта Манас жаңырды

© Фото / Азамат ОморПетроглифы урочища Саймалуу-Таш
Петроглифы урочища Саймалуу-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара дүйнөдө теңдешкис "Манас" эпосун чыгыш элдерине угузуу, жайылтуу, ал аркылуу касиеттүү манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүгүн таанытуу максатын көздөдү

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Тогуз-Торо районунда жайгашкан ачык асман алдындагы галерея — Саймалуу Таш коругунда биринчи жолу багыттуу түрдө Манас айтылды. Иш-чара "Жибек Жолундагы ак конуш" долбоорунун алкагында уюштурулганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган долбоордун жетекчиси Гүлжан Иреш айтып берди.

© Фото / Азамат ОморТогуз-Торо районунда жайгашкан ачык асман алдындагы галерея — Саймалуу Таш коругунда биринчи жолу багыттуу түрдө Манас айтылды
Тогуз-Торо районунда жайгашкан ачык асман алдындагы галерея — Саймалуу Таш коругунда биринчи жолу багыттуу түрдө Манас айтылды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Тогуз-Торо районунда жайгашкан ачык асман алдындагы галерея — Саймалуу Таш коругунда биринчи жолу багыттуу түрдө Манас айтылды
© Фото / Азамат ОморИш-чара белгилүү уз Гүлжан Ирештин "Жибек Жолундагы ак конуш" долбоорунун алкагында уюштурулган
Иш-чара белгилүү уз Гүлжан Ирештин Жибек Жолундагы ак конуш долбоорунун алкагында уюштурулган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Иш-чара белгилүү уз Гүлжан Ирештин "Жибек Жолундагы ак конуш" долбоорунун алкагында уюштурулган
© Фото / Азамат ОморГүлжан Ирештин айтымында, Чыгыш өлкөлөрүндө өтө турган иш-чараларда негизги басым манасчыларга коюлат.
Гүлжан Ирештин айтымында, Чыгыш өлкөлөрүндө өтө турган иш-чараларда негизги басым манасчыларга коюлат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Гүлжан Ирештин айтымында, Чыгыш өлкөлөрүндө өтө турган иш-чараларда негизги басым манасчыларга коюлат.
1/3
Тогуз-Торо районунда жайгашкан ачык асман алдындагы галерея — Саймалуу Таш коругунда биринчи жолу багыттуу түрдө Манас айтылды
2/3
Иш-чара белгилүү уз Гүлжан Ирештин "Жибек Жолундагы ак конуш" долбоорунун алкагында уюштурулган
3/3
Гүлжан Ирештин айтымында, Чыгыш өлкөлөрүндө өтө турган иш-чараларда негизги басым манасчыларга коюлат.

Кладбище деревни Шалта - Sputnik Кыргызстан
Мазар таюу деген эмне? Түрлөрү жана жол-жобосу
Эскерте кетсек, аталган долбоор 2016-жылы башталып, Европа өлкөлөрүнө (Швейцария, Франция, Нидерланды, Австрия) көчмөн маданиятты таанытып, чоң маданий иш-чара өткөрүп келген. Быйыл долбоор Япония, Монголия, Тибет жергелеринде улантылганы турат.

Гүлжан Ирештин айтымында, Чыгыш өлкөлөрүндө өтө турган иш-чараларда негизги басым манасчыларга коюлат. Мындан улам аталган иш-чара дүйнөдө теңдеши жок эпос "Манасты" чыгыш элдерине угузуу, жайылтуу, ал аркылуу касиеттүү манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүгүн таанытуу максатын көздөдү.

"Мына ушул чоң сапардын алдында 11 адамдан турган топ деңиз деңгээлинен 3168 метр бийиктикте жайгашкан Саймалуу-Ташка чыгып, ата-бабалардын урпактарга калтырып кеткен сырдуу белги таштарына, касиеттүү жерине таазим этүү менен бирге түлөө өткөрүп кайтышты. Мында белгилүү манасчылар Камил Мамадалиев, Нурбек Талантбеков, Кутман Борончу уулу манас айтышты", — деди долбоордун жетекчиси.

Сапар тууралуу Гүлжан Ирештин даректүү тасмасы жакын арада көпчүлүктүн назарына сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0