Таластын өнөрпоздору Баткенде өнөр тартуулап жүрүшөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТаласская область в Кыргызстане
Таласская область в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Делегация мүчөлөрү Кызыл-Кыя шаарынын тарыхый музейинде, эс алуу жайларында болуп, жергиликтүү таланттардын чакан концерттерине күбө болушту

БИШКЕК, 11-Авг. — Sputnik. Баткенде Талас облусунун маданият күндөрү өтүп, эки күнгө созулган бул иш-чарага Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева баштаган делегация келди.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынын айтымында, уз-чеберлер, зергерлер, элдик таланттардан турган 80ге жакын таластык өнөрпоздорду алгач облустук бийликтин өкүлдөрү Кызыл-Кыя шаарынан тосуп алышты.

Делегация мүчөлөрү Кызыл-Кыя шаарынын тарыхый музейинде, эс алуу жайларында болуп, жергиликтүү таланттардын чакан концерттерине күбө болушту.

Вид города Минска - Sputnik Кыргызстан
Айтматов атындагы орус драма театры Минск шаарында спектакль коет
Меймандарды Баткен шаарынан облус жетекчисинин орун басары Чынара Саттарова баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алып, Баткенден чыккан кыргыздын улуу инсандары Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Разаков, Мурат Салиховдордун эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.

Андан соң Талас облусунун Баткен облусундагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу бөлүгү башталып, шаар тургундары таластык өнөрпоздөрдун таланттарына, уз-чеберлердин жана зергерлердин кол эмгектери коюлган көргөзмөгө күбө болушту.

Бул иш-чара президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланган"Ыйман, адеп жана маданият" жылынын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан демилгеленген. Облустардагы маданият күндөрүн биринчилерден болуп Баткен облусу баштап, үстүбүздөгү жылдын 2-3-август күндөрү Баткен облусунун Талас облусундагы маданият күндөрүн өткөрүп келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0