Бишкекте көчө театрларынын фестивалы өтөт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЗимние дни уличных театров
Зимние дни уличных театров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чарага Европадагы, Борбор Азиядагы жана Бишкектеги чыгармачыл жамааттар катышат

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Борбор калаада көчө театрларынын эл аралык фестивалы өтөт. Бул туурасында долбоордун жетекчиси Яна Александрова айтып берди.

Маданий иш-чарага Европадагы, Борбор Азиядагы жана Бишкектеги чыгармачыл жамааттар — театрлар катышат. Уюштуруучулар фестивалды өзгөчө жана кызыктуу өткөрүү үчүн жаңы демилгелүү тараптар менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

"Фестивалга катышуучуларды тандап алууга Европадан атайын адистерди чакырдык. Алар бир нече күн тартууланган шоуга байкоо салгандан соң жаккан актерлорду Европада өтө турган ушундай эле фестивалга катышууга чакырат", — деди Александрова.

Көчө театрларынын фестивалы 21-24-сентябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0