Ош шаарында алгачкы ирет туристтик фестиваль өтөт

Жазылуу
Каалоочулар кыргыз жана өзбек бийлеринин флешмобуна катышып, даамдуу тамактардан даам сыза алышат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ош шаарында биринчи жолу "Osh Fest — 2017" туристтик фестивалы болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү кабарчы билдирди.

Аталган иш-чара 19-августка белгиленген.

"Байыркы Кытай менен Рим империясынын ортосунда жайгашкан Улуу Жибек жолу кереметтүү Ош шаары аркылуу өткөн. Канчалаган аска-зоону аралап келген соодагерлер Фергана өрөөнүнө жеткенде, алгач эле кереметтүү Ош шаарына киришкен. Ошол доорду элестеткен кербен, чыгыш базарынын түркүн-түрлүү боектору, жыты баш айландырган дүйүм тамактары — мунун баары аталган фестивалда көрсөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, уюштуруучулар кербени Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка чогулуп катышуучуларга чыгыш музыкасынын коштоосундагы ыр-бий менен оюн-зоокторду тартуулайт.

Ошондой эле каалоочулар кыргыз жана өзбек бийлеринин флешмобуна катышып, даамдуу тамактардан даам сыза алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0