"Дайралар артка агышпайт". Белгилүү журналист Жеңишбек Эдигеевдин китеби чыкты

© Фото / Facebook / Jenishbek EdigeevКнига "Дайралар артка агышпайт" Женишбека Эдигеева
Книга Дайралар артка агышпайт Женишбека Эдигеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттин калеминен 2015-жылы "Сапарлаш" аттуу кыргызча-французча сүйлөшмө китеби, 2016-жылы "Кыргызча-французча тематикалык сөздүгү" жарык көргөн

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Белгилүү журналист жана котормочу Жеңишбек Эдигеевдин "Дайралар артка агышпайт" аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Эдигеев өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Өзүнүн айтымында, басылмадан жаңы чыккан китепте ата-эне туралуу баяндалган.

"Мындан алты ай мурун ата-эне тууралуу "Көк дептерди" баштадым эле. Кечээ китеп болуп колума тийди. Ата-эне жөнүндө жазсамбы деп көптөн бери максат кылып жүргөм. Алар айтылып бүтпөйт тура. Эстесең эле эскерүү боло бербейт экен, олтурсаң эле жазууга айланышпайт экен. Айлап, жылдап ай тутулган сымал айтчу бир сааты чыгат окшойт. Кайрадан Европага кетип калгыча чыгарып алайын деп аракет кылдым", — деди Эдигеев.

Эдигеев "Бишкек таймс", "Агым" гезиттеринде иштеп, жубайы Чолпон Орозобекова менен биргеликте "Де-Факто" гезитин түптөгөн. Учурда Швейцария мамлекетинде иштеп, жашап жүрөт.

2015-жылы анын калеминен "Сапарлаш" аттуу кыргызча-французча сүйлөшмө китеби, 2016-жылы "Кыргызча-французча тематикалык сөздүгү" жарык көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0