Кыргызстандык режиссер балдар Кореяда өткөн кинолагерге катышып келишти

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль учурунда кыргызстандык режиссерлор башка өлкөдөн келген кесиптештери менен биргеликте кыска метраждуу эки тасма тартышты

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жаш режиссерлор Батыркан Ильясов менен Тимур Искаков Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы "BIKY" кинофестивалынын алкагында уюштурулган эл аралык кинолагерге катышып келишти. Бул тууралуу продюсер Ника Жолдошева билдирди.

Маалыматка ылайык, Ильясов менен Искаков "Карек" балдар жана жаштар кинофестивалынын жеңүүчүсү жана "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалынын катышуучулары болушкан.

"Аталган кинолагердин алкагында Кыргызстан, Индонезия, Монголия, Япония жана Корея мамлекеттеринен барган 11 режиссер тасма тартуу жаатында билимин тереңдетип, кыска метраждуу эки тасма тартууга жетишти", — деп айтылат билдирүүдө.

"BIKY" — 2005-жылы негизделип, 18 жашка чейинки режиссерлорду окутууга жана аларга дүйнө менен тасма аркылуу байланышка багыт берүүгө басым жасайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0