"Кентавр" тасмасы Астана шаарында дагы эки сыйлыкка ээ болду

© Фото / Эркин Болжуров"Кентавр" тасмасынан кадр. Архив
Кентавр тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Астана шаарында өткөн "Евразия" Эл аралык кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болгондугуну продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Маалыматка караганда, фильм "Эң мыкты режиссерлук иш" жана "НЕТПАК" (Азия киносун жайылтуу боюнча эл аралык тармактын атайын байгеси) сыйлыктарына татыды.

Фильм Завещание отца (Атанын керээзи) - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" Африкадагы фестивалда баш байге алып, бир нече сыйлыкка татыды
"Евразия" фестивалынын негизги сынагында "Кентаврдан" тышкары, Испания, Израиль, Грузия, Вьетнам, Индонезия, Кытай, Азербайжан, Түркия, Түштүк Корея, Россия жана Казакстан мамлекеттеринин тасмалары көрсөтүлдү.

"Евразия" Эл аралык кинофестивалы — Борбордук Азиянын ири кинофоруму. Негизги максаты — Казакстандагы кино жаатын өнүктүрүү жана Азия менен Европанын ортосундагы кызматташууну жакшыртуу.

Аталган фестиваль биринчи жолу 1998-жылы өткөрүлүп, анда Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" тасмасы баш байгеге ээ болгон.

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.

Жаңылыктар түрмөгү
0