Жазуучу жана сценарист Эркин Борбиев эскерилет

Жазылуу
Иш-чарада "Атадан калган туяк" тасмасы менен кыргыздын тунгуч мултьфильми болгон "Сандардын чатагы" көрсөтүлөт

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Кино үйүндө жазуучу, сценарист Эркин Борбиев 80 жылдыгына карата эскерилет. Бул туурасында Кинематографты өнүктүрүү фондусунан кабарлашты.

Кыргызстандын кинотармагында эмгектенген атактуу режиссер Динара Асанованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз кино өнөрүндөгү кыз-келиндер жөнүндө китеп чыкты
Иш-чарада ал сценарийин жазган "Атадан калган туяк" тасмасы менен кыргыздын тунгуч мултьфильми болгон "Сандардын чатагы" көрсөтүлөт.

Кече 2017-жылдын август айында саат 15:00дө башталат.

Борбиев "Атадан калган туяк", "Ташка баткан элестер", "Сандар чатагы", "Он үчүнчү небере", "Тобокел" жана башка дагы бир топ кинотасмалары менен мульфильмдердин сценарийин жазган.

Андан сырткары, "Мен жазды сагындым", "Кайрадан саат тогузда", " Мала кундун батышы", "Тоолор жана талаалар" деп аталган чыгармалар жыйнагынын автору болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0