Кыргызстандык 14 жашар бийчи Астананы багынтты. Алдыда дүйнө биринчилиги

© Фото / Жан Воинов Темирлан Ташматов на фестивале Summer Dance Forever
Темирлан Ташматов на фестивале Summer Dance Forever - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Summer dance forever бий фестивалы Амстердам шаарында 15-23-август аралыгында өткөнү жатат

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Астана шаарында өткөн International Street Dance Session бий фестивалына катышкан 14 жаштагы Темирлан Ташматов "Паппинг бегиннерс" номинациясы боюнча жеңүүчү болуп кайтты. Бул тууралуу бийчи машыккан Movement Dance Academy бий академиясынын жетекчиси Жан Воинов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Бул сынактын деңгээли заманбап бийлер боюнча Азия биринчилигине барабар. Темирлан күчтүү атаандаштарын артка калтырып, жеңишке ишенимдүү жете алды. Учурда ал Summer dance forever деп аталган бий боюнча дүйнө биринчилигине даярданып, өзүнө демөөрчү издеп жаткан кези", — деди Воинов.

Summer dance forever сынагы Амстердам шаарында 15-23-август күндөрү өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0