КВН жылдызы Асхат: убагында таракан баскан үйдө жашоого туура келген

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жарайт City" юмордук долбоорунун продюсери Асхат Табалдиев
Жарайт City юмордук долбоорунун продюсери Асхат Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жарайт City" юмордук долбоорунун продюсери Асхат Табалдиев атасынын бир мүшөк бөтөлкө жүктөп келип Бишкекти багындырганын, ошондой эле модель Айжан Асемова эмнеликтен комедиялык тасмаларда тартылбай калганы туурасында айтып берди.

Асхат Табалдиев — "Азия MIX" тобундагы кашынын дал ортосуда меңи бар жылдыздуу жигит. Азыркы тапта юморчулардын жаңы муунун таптап, жаш балдарды анча-мынча төшкө койгулап келет. Айтымында, бул – жылдыз дартынын алдын алуу чарасы.

— Ростислав Ященко ("Азии MIX" тобундагы Сары) 90-жылдары Бишкекке көчүп келгениңиз тууралуу өзгөчө окуяңызды айтып берген эле.

Футболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Айдана: оорудан эптеп бутка турганда апамдан айрылып калдым
— Ооба, биз бир кездери Балыкчыда жашаганбыз. Атам заводдо инженер, апам мугалим болчу. СССР кулаганы ата-энем жумушсуз калды. 1993-жыл, болгону жети жашта элем ошондо.

Улуу агам Бишкекте университетке өтүп, туугандардыкында жүрчү. Ата-энем жашоонун бир айласын табууну, мүмкүн болсо, Бишкекте бир аракет кылып көрүүнү чечти.

Атама бир мүшөк бөтөлкө чогултуштук. Борборго поезд менен кетти. Бөтөлкө өткөрүп, Токмокко барат. Ал жакта таежемдер талаа иштетишчү. Атама бир мүшөк таттуу калемпир салып беришиптир. Кайра Бишкекке келип, калемпирди чекене сатат. Тапканына дагы эки мүшөк алып сатат, анан үч…

"Дордой" тараптан тараканга толгон кичинекей бир батирди ижарага алат. Апама чалып, келгиле дейт. Бишкекке көчүп келгенибиз да өзүнчө бир кызык окуя. Айтып берейинби?

© Sputnik / Табылды КадырбековАсхат Табалдиев: бизнеске тогуз жашымдан тарта аралашкам. Ошондо да эч качан ачка калбадым. Апам бардык тамакты жасай алчу, ата-энем аябай кыйын болчу. Азыр гана бир аз улгайып калышты
Продюсер юмористического шоу Жарайт City Асхат Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
Асхат Табалдиев: бизнеске тогуз жашымдан тарта аралашкам. Ошондо да эч качан ачка калбадым. Апам бардык тамакты жасай алчу, ата-энем аябай кыйын болчу. Азыр гана бир аз улгайып калышты

— Албетте!

— Поезд менен келгенбиз бул жакка. Апам мени, баштыктарды түшүрүп, бир нерсе унутуп калбадык бекен деген кыязда вагонго кайра кире калат. Поезд ордунан жыла баштайт. Апам секирейин дегенде бир киши токтотуп: "Кайда сен? Өлүп каласың!" – дейт.

Вокзалда жүктөрүбүз менен жалгыз калдым. Элестетип көрсөңүз. Дагы жакшы, байкем мени таап алды. Апам келгенче мен беш жашка чоңое түшкөндөй эле болгом.

— Бишкек жактыбы анан?

— Кызык балалык өткөрдүк. Апам менен атам таң эрте базар шыпырышат, күндүзү колго эмне тийсе, ошонун баарын сатышат. Эптеп оокат таап, күн көрүштүн айласы, болбосо, алар интеллигент болчу.

Тогузга толгонумда мени да ишке алышты. Улгайган апалардын катарында жашылча сата баштадым. Көк-сакты баары менден алышчу!

— Боору ооруппу?

— Жок, мен сүйлөшкөндү билчүмүн. Бизнеске тогуз жашымдан тарта аралашкам. Ошондо да эч качан ачка калбадым. Апам бардык тамакты жасай алчу, ата-энем аябай кыйын болчу. Азыр гана бир аз улгайып калышты.

Дозум вернулся! #абрикозум #кикозум #корозум #пласкостпозум

Публикация от Askhat Tabaldiev 1.1STUDIO (@askhat_tabaldiev) Июл 3 2017 в 7:41 PDT

— КВНге кандайча келип калдыңыз?

— Улам батир алмаштырып, көп көчтүк. Ошол мезгил аралыгында мен 5 мектеп алмаштырганга үлгүрүпмүн! Батирден батирге көчкөндөн ата-энем жадады окшойт, Арча-Бешиктен жер тилкесин сатып алышты. Анда мен 5-класста окучумун. Бир күнү эле алар: "Балдар, биз Арча-Бешикке баратабыз, үч айдан көрүшөбүз" — дешти.

Ал убакыт өтөт, Арча-Бешикке барам, анан эле картөшкө, бадыраң, помидор тигилген чоң бакчаны көрдүм. Вагончо, жанында кичи там, ата-энем анын дубалын актап жатышат. Биздин үйүбүз экендигин айтышты. "О-у, укмуш!" деп ойлодум.

№58 мектепке кирдим, ошол жакта аябай жандандым: мектеп парламенти, театралдык ийрим, маданий иш-чаралар.

Азия MIX командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Элдияр Кененсаров 2016-жылдын КВНчиси болду
Мектепти аяктаганда Туризм академиясына өттүм. Ошол кезде КРСУнун КВН командасында ойноп жүрдүм. Элдияр Кененсаров мени ошол жактан байкаптыр.

Ошентип чоң сахнага алгач ирет чыктым. Тамашаны эч жаңылбастан айттым, бирок, буттарым аябай титиреген. Сахна өзүмдүкү экенин түшүндүм, бул баңгизат сымал тартарын сездим.

Кийинчерээк Элдияр "Большие люди" долбооруна балдарды чогулта баштады. Шоу абдан мыкты чыкты, биз биринчи жолу өзүбүздү белгилүү сездик. Балдар артыбыздан ээрчип, кол тамга сурай башташты. Көөп кетпегенге аябай тырышчубуз.

Үч сезонду ийгиликтүү тарттык, бирок, Масляковдун КВНинин Жогорку Лигасына чыгууну дайым кыялданар элек. Элдияр бир ирет айтып калды: "Сочиге фестивалга кеттик, каткырып келебиз! Акча деги бар". Бардык албетте!

Сочидеги оюнубуз да дурус эле болду. Украин Лигасына чакырышты, бирок, Киевдеги революциядан улам биздин КВН токтоп калды.

Бизди Беларус Лигасына алышты. Минскиге өзүбүздү жылдыз сезип бардык да, көрсө ал жакта биз эч ким эмес экенбиз. Биринчи оюндан куладык. Бирок, күч топтоп туруп, чемпион болуп кайттык. Жогорку Лигага жол ачылды.

"Жогортодо" оңой болгон жок. Жүрөктүн, кан-тамырлардын ар бир клеткасына күч келди. Мээбиз чыңалып турду!

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКоманда КВН "Азия MIX" второй раз подряд выиграла "Кубок Астаны"
Команда КВН Азия MIX второй раз подряд выиграла Кубок Астаны  - Sputnik Кыргызстан
Команда КВН "Азия MIX" второй раз подряд выиграла "Кубок Астаны"

— Эмнеге топтон чыгып кеттиңиз? Чындап эле уруш-талашсыз, ынтымакта коштоштуңузбу?

— Үй-бүлөлүк шарттардан, ата-энемдин ден соолугунан улам бир нече ирет оюнга катыша албай калдым. Андан сырткары, мени дайым күткөн жубайым бар, балалуу да болуш керек дегендей. Мунун баарын түшүнүп эле тургам. Ушундай эле абалга досум жана пикирлешим Данияр Болотбеков да кептелди.

Элдияр менен сүйлөштүк. Топтогу эрте үй-бүлө күткөн балдар эртели-кеч коштошуп кетишерин билген. Баарыбызга кыйын болгону менен ал түшүнүп кабыл алды. Элдиярды жашоомдо кезиктиргениме ыраазымын.

—"Азия MIX" КВН чемпиону болгондон кийинки жылы кеттиңиз. Ичиңиз ачышкан жокпу?

— Албетте, муну көп ойлондум. Аябай эле татаал болду, анткени, максатка жетерибизге жана тарыхты жазууга аз-маз эле калган. Бирок, менин чемпиондугум дагы алдыда.

— "Большие люди" рейтинги аябай жогору шоулардан эле, телеканалдар өз эфирлерине койгонго ашыгышчу. "Жарайт City" долбоорун жаратуунун кандай кажети бар эле?

— "Большие люди" —Элдиярдын долбоору. Албетте, ага жаңы, жаш жүздөрдү кошуп, киргизсек болот эле. Бирок, мурдагы каармандарын жактырып, көнүп калышкан көрүүчүлөрдүн көңүлү калмак, нааразы болушмак.

Молодой актер, квнщик Азамат Уланов - Sputnik Кыргызстан
Жаш актер мачо-Азамат Америкага барып тасмага тартылып келди
Анан да эл анын уландысын күтүп калышкан. Биз КВНде ойноп жүргөн маалда эч ким татыктуу бир нерсе жараткан жок. Биз бул ишти колго алдык. Аябай татаал болду, экинчи болуш баары бир кыйыныраак. Көрүүчүлөр качан чалынып кетишер экен деп күттү, бирок, биз чалынбадык.

Азыр бардык телеканалдардын бизге эшиги ачылды, балдар элге таанылып турган чагы. Аларга ушул сезимдерди туйдура алганыма кубанам, демек, бул өмүрдү текке кетирип жаткан жокмун.

— Жылдыз дартына чалдыгышкан жокпу?

— Болуп калат. Бирок, биз барбыз. Бир нерсе болсо, дароо төшкө койгулап коебуз, баары калыбына келет. Биз деле мындайдан өткөнбүз.

— "Большие люди" шоусундагы Бема – Жибек Алиева кабылган окуя эске түштү. Интернетке жеке турмушунан тасма чыгып кетпеди беле. Мындай өңүттөгү жаңжалга сиздин шакирттериңиз да кабылып калат деп чочулабайсызбы?

— Буга туура эле карайм. Болгону болду, боесу канды, алдыга жылыш керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековАсхат Табалдиев: биздин рынок өз шарттарын таңуулайт, бийик учуп кете албай тургандай шып дагы бар. Азыр жеке студиялардын бардыгы эптеп күн көрөт. Биз долбоорду жазабыз, демөөрчү издейбиз
Продюсер юмористического шоу Жарайт City Асхат Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
Асхат Табалдиев: биздин рынок өз шарттарын таңуулайт, бийик учуп кете албай тургандай шып дагы бар. Азыр жеке студиялардын бардыгы эптеп күн көрөт. Биз долбоорду жазабыз, демөөрчү издейбиз

— "Жарайт City" актрисасы Айжан Аденова менен сүйлөшкөм, ал кесиптеши, модель Айжан Асемова туурасында бир кептерди айтты. Сиздер эмне ал бийкечтин Инстаграмга бир-эки сүрөт койгонун күтүп, анан кош айтыштыңыздарбы?

— Ал чыгарган жок! Анын сүрөттөрүнө адегенде биз татыктуу болушубуз керек. Айжан коомчулуктун көзүндө. Ага биздин долбоор, бизге ал кыз жагат, тасмаларда сонун көрүнөт, актердук чеберчилиги да жогору.

Экинчи сезондо тартылууга чакырдык, акчасын төлөп бердик. Үчүнчүсүнө Айжан катышкан жок. Акчасы даяр, өзү болгон жок. Себеби эсимде жок, менимче, ал бошобой калды окшойт.

— Актерлоруңуз маектеринде теледолбоордон көп таппай тургандыктарын жашырышкан эмес. Эмгегин кандай баалайсыз балдардын?

Актер Нурсултан Курсанали уулу - Sputnik Кыргызстан
"Жарайт ситидеги" "мурутчан" КРде эмне жөнүндө тамаша кылууга болбой турганын айтты
— Биздин рынок өз шарттарын таңуулайт, бийик учуп кете албай тургандай шып дагы бар. Азыр жеке студиялардын бардыгы эптеп күн көрөт. Биз долбоорду жазабыз, демөөрчү издейбиз. Ал желкесин кашый: "Ишканам мындан кандай пайда көрөт?" – деп сурайт. Ага мен: "Байке, баары болот. андан кийин желкеңизди укалап да берем" дейм. Ошентип көндүрөм.

Телеканал издейсиң. Ал жактагы киши да желкесин кашыйт: "Оу, демөөрчүңөр бар турбайбы?! Акча бергиле!". А бирок, ырасында, даяр берүүнү сатып алууга тийиш эмеспи.

Автордук ишибизге төлөйбүз, актерлор азырынча акча алышпайт. Бирок, биздин балдарды ушул долбоордон улам таанып, ар кандай иш-чараларга, жарнамалык кампанияларга катышууга чакырып, жакшы төлөп беришет. Алар жетиштүү жашасын деп биз эбегейсиз иштерди жасап келебиз.

Бугун, Покер тун!!!

Публикация от Askhat Tabaldiev 1.1STUDIO (@askhat_tabaldiev) Фев 8 2017 в 8:44 PST

— Түтүн булатканыңызга он жыл болуптур, бирок, ошентсе да, моюнга алыңызчы, кыздар тийишеби?

— Аларга мен кызык болбой калгам. Азыр кыздар балдарыма тийишет. Кыздар үчүн мен Асхат байкеге айлангам. Асхат байке, эмне кылайын? Асхат байке, акча бересизби? Аларга мен азыр агатаймын, бул жакшы нерсе.

— Бир маегиңизде "Оскар" алууга үмүттөнөрүңүздү айтыпсыз. Ал ниеттен кайта элексизби?

— Жок! Ал үмүттү эч качан өчүрбөйм. Биз буга барабыз деп ишенем. Биздин бир драматургдун мындай деп айтканы бар: "Кыргыздар эч качан мыкты автомобиль, мыкты учак, атургай, мыкты көмөч казан да чыгара албайт. Ал эми мыкты тасманы биз тарта аларыбыз бышык!".

Жаңылыктар түрмөгү
0