10:26 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун архивдик сүрөтү

Жылдын аягына чейин Бишкекке Чокморовдун айкели коюлат

© Sputnik / Александр Гущин
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
74 0 0

Улуу актердун айкели Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине, "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабындагы скверге коюлат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги борбор калаага үстүбүздөгү жылдын аягына чейин орнотуларын Бишкек башкы архитектурасынын Топонимика секторунун жетекчиси Юлия Моисеева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, туура бир жыл мурда айкелдин орнотулаары жөнүндө сөз козголуп, анын Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине, "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабындагы скверге коюлары айтылган

Макет памятника Суйменкулу Чокморову
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги

"Эстеликти коюу демилгеси 1997-жылы көтөрүлүп, бирок каражаттын тартыштыгынан токтоп калган. Былтыр бул иш кайра колго алынды. Учурда скульптуранын өзү Россиянын Санкт-Петербург шаарында даярдалып жатат. Ал эми постамент даярдоо жана орнотуу иштерине тендер жарыяланган. Тилекке каршы, учурда ал тендер үзгүлтүккө учуроодо. Бирок айкел ушул жылдын аягына чейин коюлат деп ишенип жатабыз", — деди Моисеева.

Коюла турчу айкелдин узундугу 3,6 метрди түзөт. Эстеликтин архитектору Олег Лазарев, скульптору Азамат Кожегулов.

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Сүймөнкул Чокморовдун элесине сүртүмдөрдү Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүздөр>>

Тема боюнча

Бишкектин ортосуна коюла турчу Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин макети жарыяланды
DOXA арт тобу: кийинки портретти төрт кабаттуу үйдүн дубалына чегебиз
Белгилер:
тынчтык орнотуучу, айкел, Сүймөнкул Чокморов, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ