Кыргызстандык окуучу Ливандагы сулуулар сынагындагы добуш берүүдө алдыга озуп чыкты

© Фото / Максим НогайМодель Сусанна Егорян
Модель Сусанна Егорян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык сулуулар сынагына 42 кыз катышууда

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. World Next Top Model 2017 аталышындагы эл арадык сынакта Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Сусанна Егорян онлайн добуш берүүдө алдыга озуп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Inter Alliance KG модель агенттигинин директору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди.

Конкурс красоты Красавица Кыргызстана — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тор көйнөк кийип, кериле баскан селкилер. Таажы "талашкан" сулуулар сүрөттө
Анын айтымында, Кыргызстандын атынан катышып жаткан окуучу кыз 1069 упай топтогон.

Таттыбүбү Самидин кызы өз кезегинде жарандарды Сусанна Егорянга төмөнкү шилтеме аркылуу добуш берүүгө үндөйт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жеңүүчү аталган кыз Miss Online наамын алат.

Белгилей кетсек, Ливанда өтүп жаткан эл аралык сулуулар сынагына 42 кыз катышууда. Жеңүүчү таажы менен кошо 5 миң доллар акчалай сыйлык алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0