Стенин атындагы фото сынакта интернет колдонуучулар добуш бере алат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОткрытие выставки победителей и призеров Международного конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина в Москве
Открытие выставки победителей и призеров Международного конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун максаты — сүрөтчүлөрдүн кесиптик чеберчиликке умтулуусун колдоо.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Россия сегодня" маалымат агенттиги тарабынан уюштурулуп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан, Андрей Стенин атындагы фото журналистика сынагындагы мыкты эмгекти аныктоо үчүн интернет колдонуучулардын добуш берүүсү аяктаарына бир аптадан азыраак убакыт калды.

Андрей Стенин атындагы көргөзмөнүн катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Андрей Стенин атындагы фотоконкурстун кыска тизмеси жарыяланды
ВКонтакте, Facebook, Twitter жана Кытайдын Weibo тармактарында аккаунту бар ар бир адам каалаган катышуучу үчүн stenincontest.ru сайты аркылуу 18-июлга чейин добуштарын бере алышат. Ал эми жеңүүчүлөрдүн аты 7-августта аталат.

"Штерн" журналынын  фото директору Андреас Трамп төрагалык кылган калыстар тобуна Росиялык  жана эл аралык сүрөт жана искусство коомчулуктарынын өкүлдөрү кирди.

Быйыл сынакка дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн беш миңден ашык сүрөт жөнөтүлгөн. Калыстар тобу алардын арасынан тандап алган сүрөттөр "Негизги жаңылыктар", "Спорт", "Менин планетам" жана "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинацияларында ат салышат.

Конкурс 18 жаштан 33 жашка чейинки катышуучулар үчүн ачык жана анын максаты сүрөтчүлөрдүн кесиптик чеберчиликке умтулуусун колдоо болуп эсептелет.

"Россия сегодня" ЭМА демилгелеген Андрей Стенин атындагы эл аралык фото журналистика конкурсу коомдун көңүлүн фото журналистиканын иш милдеттерине буруп жана жаш сүрөтчүлөрдү колдоону көздөйт. Конкурстун алкагында дүйнөлүк сүрөт коомчулугунун өкүлдөрүнө фото журналистикадагы жаңы ысымдарды таап таанышуу, колдоо жана анын жогорку стандарттарын калыптандыруу, Россияда жана жалпы эле дүйнө жүзүндө даректүү сүрөттүн сапаттык көрсөткүчтөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

2017-жылы сынактын өнөктөштөрү Al Mayadeen TV,  Shanghai United Media Group (SUMG), МККК, "Россия-Культура" телеканалдары, Вести.RuKP.ruЖурДомRussian Photo порталдары, Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу, AskanewsNotimexANAXinhuaThe Royal Photographic SocietyShanghai United Media Group (SUMG), ANDES маалымат агенттиктери, Independent Media медиахолдинги, RT телеканал жана порталы өнөктөштөрү болду.

Ал эми сынакты тармактык өнөктөш караты Академия фотографииГеоФото агенттиктери, Photo-study.ruYOung JOurnalistsPhotoVisa порталдары, Bleek Magazine онлайн журналы, Москванын журналисттер биримдиги, Визуалдык искусство мектеби, Россия сүрөтчүлөр союзу жана "Фотопарад в Угличе" фестивалы колдоого алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0