Жыгачтан жаныбар жасаган Музулмановдун коллекциясы 1000ге жетти

© Sputnik / Талгат БакиевСкульптор Осконаалы Музулманов в Джалал-Абаде
Скульптор Осконаалы Музулманов в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынын тургуну 63 жаштагы Өскөнаалы Музулманов өзгөчө өнөрдүн ээси. Ал суу боюнда жаткан жөнөкөй эле жыгачтарды чогултуп, андан ар түрдүү канаттуу, жаныбарлардын скульптурасын жасайт.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. 45 жылдык өмүрүн скульптурага арнаган жыгач уста менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчы баарлашып, анын сейрек кездешкен өнөрүнө күбө болду.

Музулманов бул өнөр менен студент кезинен тарта алектене баштаган. Ал керектен чыккан жыгачтардын тамырларына "жан киргизип" жаныбар, канаттуулардын түрүн жасайт.

© Sputnik / Талгат БакиевМузулманов бул өнөр менен студент кезинен тарта алектене баштаган.
Музулманов бул өнөр менен студент кезинен тарта алектене баштаган. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Музулманов бул өнөр менен студент кезинен тарта алектене баштаган.
© Sputnik / Талгат БакиевАл керектен чыккан жыгачтардын тамырларына "жан киргизип" жаныбар, канаттуулардын түрүн жасайт.
Ал керектен чыккан жыгачтардын тамырларына жан киргизип жаныбар, канаттуулардын түрүн жасайт. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ал керектен чыккан жыгачтардын тамырларына "жан киргизип" жаныбар, канаттуулардын түрүн жасайт.
1/2
Музулманов бул өнөр менен студент кезинен тарта алектене баштаган.
2/2
Ал керектен чыккан жыгачтардын тамырларына "жан киргизип" жаныбар, канаттуулардын түрүн жасайт.

"Бул өнөр менен акча табайын же каражат чогултайын деп деле алектенбейм. Айрым учурда жакын адамдарыма белек катары берем. Кээде баарын убара болуп алып келсем, үйдөгүлөр отунга жыйнап келген го деп жагып салган учурлар да кездешкен ", — деди уста.

Мастер по ремонту автомашин Юлдуз Байбаева - Sputnik Кыргызстан
Уста Юлдуз Байбаева: "кыз киши кантип унаа оңдосун" деп басып кеткендер болгон
Жыгач устанын 45 жылда топтогон коллекциясы учурда 1000 ге чукулдаган. Анын ичинде ар түрдүү канаттуу, жаныбар, ал тургай өсүмдүктөрдүн да сөлөкөттөрү да бар.

"Өнөрүмдү өспүрүмдөргө да үйрөтүүнү туура көрүп, мектепте окуучулар үчүн "Жаратылыш жана фантазия" аталышындагы ийрим ачып алгам", — деди Музулманов.

Жашы өтсө да жөн отурбаган жыгач уста ар түрдүү сынак, көргөзмө-жарманкелерге да катышып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0