22:09 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетованын архивдик сүрөтү

Назира Мамбетованын айылга каты. Отундун үстүнө төрөлгөн наристе, камчы эңген кыз

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)
111820

Бул сапар айылга катты Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова жазды.

"Ак кемедеги" бейтаалай Бекейдин ролун ойногон актриса кантип отундун үстүнө төрөлгөндүгүн жана аттын кулагы менен ойногон учурун айтып берди.

Саламатсыңарбы, айылдаштарым.

Айылга кат мага көптү эстетти, жомоктогудай жайлоолорго жетелеп, көлдүн шарын кулагыма тартуулады. Мен чоң дүйнөгө Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынан учуп чыккам.

Народная актриса Кыргызстана, артистка театра и кино Назира Мамбетова
© Фото / из личного архива Назиры Мамбетовой
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова

Эсимде. Сагынычка толгон катты байма-бай Москвадагы театралдык институтка өткөн 1969-жылдары үйгө жазчумун. Ар бир каттын башталышы "Табияттын таш боор кырсыгынан алыс, Ала-Тоо жергесинде жашап жаткан ата-энеме ысык салам" деп шилтене турган. Же ал учурда ушундай тартипке (шаблонго) салынып калды беле, билбейм. Кат жазуу — жакындарыңдын, бир боорлоруңдун, ата-энеңдин, сен жакшы көргөн адамдардын аманчылыгын билүү, алар тууралуу көңүл тынчыткан кабар алуу болучу.

Кат деген жакшы, сагынычты таркатат, жылуу маанай тартуулайт. Кат —үмүт үзүлбөй жакшылык күтө турган нерсе эле… Азыр баары эле мобилдик телефон чыгып, баягы катты унуттурду деп кейишет. Буга макул эмесмин. Телефон аралык канчалык алыс болсо да, бир ирмемде жеткирген каттын үн түрүндөгү варианты деп айтаар элем. Менин пикиримде, анын эмнеси жаман?

Эсимде. Кичинекейимде гүлдүн ширесин, нектар дейбиз го соруп чоңойдум. Каакым, кызыл кабык, ышкын тердик. Таштан ташка тийип аккан таптаза мөлтүр суу. Көлдүн жээги, тоонун этеги.

Атка минип алып, кой кайтарар элем. Кой жуушап калганда камчыны жерге ыргытып жиберип, чаап келип, эңип кетчүмүн. Канчалык эңсем, ошончолук сүйүнүп, кайталачумун. Сырттан караган кишиге 8-9-класста окуган кыздын бул кылыктары кызыктай эле көрүнсө керек деп коём. Эшектен жыгылып, колум сынган күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Артисты во время спектакля Суфлер Султана Раева
© Фото / предоставлено ТЮЗ им. Б.Кыдыкеевой
"Суфлер" спектаклинен көрүнүш

Эсимде… түйшүкчүл болчубуз. Кезүү кайтарып, нан жабыш үчүн куурай орчумун. Чо-ооң кылып жонубузга жүктөп келчүбүз. Тезек чампалаар элек. Өрмөк согуп, чий менен терип, шырдак шырый турганбыз. Барскоон менен Тамганын оротосунда Кашат деген сай болор эле. Суу акпай калганда ошончо аралыктан айылдын кыздары шарактап түшүп барып, шарактап чыгып келчүбүз. Таенем Баяндын колунда чоңойгондуктан, ал кишиден көптү үйрөндүм. Азыр эстесем сонун жана таттуу жашоо экен да. Көрсө, ошентип эмгектенгенибиздин да өзүнүн керемети бар экен. Бала кезде аны оор көрүп, түйшүк дечүбүз.

Сөздүн күчү, ишенимдин кудурети. Адабияттан берген Айбек Көкөев атуу мугалим бар эле. Кыргызстандын 40 жылдыгына карата атайын сценарийди ойноп, Фрунзеге келип, радиого жаздырган элек. Агайым "биздин Назира Мамбетова элдин артисти болот, кийин аны теледен көрүп, радиодон угуп турабыз, азамат кыз", — деди. Мугалимдин ошол сөзү мен үчүн маяк жана эбегейсиз бир түрткү болду. Ушул убакка чейин көкүрөгүмдө сакталуу. Айылга каттагандар аркылуу агайга дайым салам айттырууну адат кылып алгам.

Эсимде… жети бир туугандын арасынан мен чыгармачыл болдум. Ырдап-чордогонумду өзгөчө жарыя салчу эмесмин. Ал кездин кыздары уяң болчу го дейм. Анткен менен мектепте, класста ойда бир заңкылдап ырдачумун.

Отундун үстүнө төрөлүп…

Айылды жайында көп эстейм. Ат минип тоого чыккым келе берет. Жайлоону алыстан карап коём.

Мындан 69 жыл мурда, 30-июнда "Алтын күнгөй" деген жайлоодо үйдөгү экинчи бала болуп жарыкка келиптирмин. Согуш жаңы бүткөн жылдар. Кош бойлуу энемдин Сылый аттуу абысыны менен атам экөө төрөтмөй болушат. Апам байкуш түнү менен толготот, толгоосу бышып калганда атама "жеңем (абысыны – ред.) үйүнө кете берсин, өзүм эле көз жарам", — деп жалооруйт. Сылый апамдын узап баратканын кийиздин жыртыгынан карай коем деп өйдө боло бергенде этегинин "булт" этип бала түшүп кетет. Болгондо да отундардын үстүнө түшүптүрмүн…

Народная актриса Кыргызстана, артистка театра и кино Назира Мамбетова во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Назира Мамбетова Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында төрөлгөн

… Бала (Назира Мамбетова – ред.) эки күн бою жаагын баспай ыйлайт. Чабандардын боз үйлөрү бири-бирине жакын тигилип турат эмеспи. Ары жактагы кемпирге какшап ыйлаган мени алып барышыптыр. Ал тияк¬-биягымды текшерип, эки бутумду алаканына таканчыктатып койгондо колу ысып кетет. Көрсө… согончогума чөңөр кирип кетиптир. Анан баягы отундун үстүнө төрөлгөнүмдү эстешет. Кемпир лезвия менен бутумдун ысып чыккан жерин жара тилип, тикенекти сууруп чыгып, канаган жерге кийизди күйгүзүп басып таңып, мени энемдин колуна карматат. Үйгө келгенде үч күн тынбай уктаптырмын…

Бала кезде тентек болгон экенмин, бир аксакал "Ысмайылдын кызы бир нерсенин үстүнөн чыгат, башкача бир бала", — дечү экен. Азыр ошол сөздү маал-маалы менен эстеп коём…

Жоготуулар… эсимде. Энем 56 жашында кырсыктан, атам 75 жашында дүйнө салды. Апам бизди төрөп, балдары жаңыдан бутуна туруп келе жатканда эч нерсени көрбөй кете берди. Ал эми таенем да 63 жашында каза болгондо, 7-класста окучумун. Мен жер үстүндө жалгыз калгандай сезилген. Аны сагынып ыйлаган түндөрүм али эсимде.

Ак пейилдик жана тазалык

Азыр… Дүйнөгө дал ушул жерден жаралып, Барскоон, Тамгада өскөнүмө бактылуумун. Бала кезде сулуулуктун арасында чоңойгон экенмин. Ал кезде жаманчылык, арамдык дегенди билчү эмеспиз да, ошондуктан айыл мага таза сезилет. Эсимде таенеме кошуна Алымбүбү апа келип, аркы беркини сүйлөшөр эле. Темасы — шырдак, кийиз, боёктун кирген, кирбегени болучу. Азыр эки аялдын башы кошулса, таптакыр бөлөк кеп айтылат. Ал кезде адамдардын көкүрөгү, жан дүйнөсү көрсө, башкача тура. Мен ошол тазалыкты, ак пейилдикти сагынам, айылым!

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)

Тема боюнча

Түмөнбай Колдошовдун айылга каты. Көк-Ташым, эртедир-кечтир сага барабыз...
Назира Мамбетова: эмне үчүн театрдан алыстаганымды айта турчу күн келди
Белгилер:
айылга кат, сагыныч, мугалим, Назира Мамбетова, Ысык-Көл облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ