"Жаш толкун" интеллектуалдык сынагынын мыктылары сыйланат

© Sputnik / Табылды КадырбековКонцерт в рамках фестиваля "Звезды Шелкового пути — 2015"
Концерт в рамках фестиваля Звезды Шелкового пути — 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Студенттер арасында уюштурлган сынакка 24 окуу жай катышкан.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргыз радиосу уюштурган "Жаш толкун" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган радионун кызматкери Адилет Артыкбеков билдирди.

Анын айтымында, студенттер арасындагы билим таймашынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты 29-июнда саат 10.00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканын чоң залында өтөт.

"Сынагыбыздын максаты — студенттердин китеп окууга болгон кызыгуусун арттырып, дүйнө таанымын кеңейтүү менен бирге университеттер арасында достук алакасын түзүү. Буюрса мыктылар диплом жана акчалай байгелер менен сыйланат", — деди Артыкбеков.

Ал таймашка Бишкек шаарындагы 24 жогорку окуу жай катышкандыгын айтып, "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фонду демөөрчүлүк кылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0