Асылбек Маратов: Элмирбек агайга берилген сыйлыкка ичим ачышкан

© Sputnik / Табылды КадырбековАкын-импровизатор Асылбек Маратов
Акын-импровизатор Асылбек Маратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө жүзүндө эки гана элде кездешкен көркөм өнөр бул — төкмөлүк. Ал кыргыз менен казакта кездешет экен. Улуу өнөрдү уларча жок кылбай аздектеген муун — маданиятты тиреген түркүк.
Жаш акын Асылбек Маратов комуздун коштоосунда төгүп ырдап берди

27 жаштагы төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Жети атаңызды санай келгенде бешинчи атаңыз кадимки төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулу экендигин окугам. Төкмөлүк өнөр да ошол кишиден берилсе керек?

— Кыргызда "аккан арыктан суу агат" деген макал бар. Кан-жаныңдагы өнөр кое бербеси анык. Туугандар жакшылыктарда ырдап койгону болбосо, менден башка колго комуз алып өнөргө ыктагандары жок. Балким, турмуштук шарт ошого себеп болсо керек.

— Эми төкмөлүккө кандай шарт тоскоол болушу мүмкүн?

— Союз таркаган маалда өнөрдү эптеп кетүү кыйынга турду. Мүмкүн, жараткан көкүрөктөргө буюрган жок болсо керек деп ойлойм. Кудай буюрса мен чоң акын болгонго аракет кылып жатам.

— Арстанбек Буйлаш уулу 18-кылымда жашап өткөн инсан. Ал убактагы төкмө акындар келечекти көрө билип, ырга салган. Азыркы акындар учурдагы окуяларды төкмөлүккө салууга көбүрөөк басым жасайсыздар…

— Ичимден заман алмашкан сайын муун майдаланабы деп ойлоп коем. Азыр бизде алдын ала айта турган, олуячылык касиетибиз жок. Жөн гана атадан калган мурасты улантуучу өкүлү катары жүрөбүз.

— Алгачкы жолу акындык беттешке качан чыккансыз?

Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт
— 2007-жылы Барскоондо өткөн айтышта Шекербек Адылов деген агам менен айтышып, тушоом кесилген. Андан бери көп айтыштарга катышып, баш байгени да, алдыңкы орундарды да алдым. Акындар күлүк сыяктуу, бирде табына келсе, бирде айнып турат. Айтыш биз үчүн — майрам. Канча бир убакыттан бери көөдөндө жүргөн сөздөрүңдү эл алдында айта турган, кол чабууларга арзый турган күн.

— Акындык беттештин чоң байгеси канча турат?

— Илгери акындарга аш-тойлордо үйүр жылкы, төрт түлүк мал берчү экен. 2001-жылы төрт эле акын калды, өнөр ээлери жоголуп баратат дегенде Садык Шер-Нияз агабыз "Айтыш" коомдук фондун түптөдү. Байге маселеси да чечилип, баш байгеге темир тулпар коюлуп келет. Калган сыйлыктар акчалай берилет. Бирок 100 миң сомдон кем эмес байге коюлат. Кийинки учурда унаага жеткидей акча ойнотулуп келет. Мен эки жыл мурун байгеден уткан акчама темир тулпар сатып алгам. 

© Фото / Улан БолотбековТөкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов жубайы Перизат менен
Акын-импровизатор Асылбек Маратов - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов жубайы Перизат менен

— Акындык айтыштагы атаандаштык тууралуу билгим келет.

Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова - Sputnik Кыргызстан
Ырыс Окенова: казак туугандардын киноөнөрүбүз боюнча айткандарына намыстандым...
— Айтыштын жыйынтыгына далысын салган, салбаган да акындар болот. Негизи калыстар акындын даражасына эмес, ошол 10 мүнөттүк айтышта төккөн өнөрүнө жараша баа беришет. Байге алган акын мыкты, айтышта кулап калган акын начар деп эсептелбейт. Байге багына, акындын табына жараша буюрат. Айрым учурда акындар баш байгени талашпай башкаларга да бошотуп берип койгон учурлар болот.

— Күзүндө социалдык тармакка жазган бир постуңуз эске түштү. Анда Казакстанда өткөн акындар айтышына барганда биздин алп акыныбыз Элмирбек Иманалиевге кызыктыруучу сыйлык берилиптир. Сиз Элмирбек агайга жок дегенде алдыңкы орун беришсе болмок деп териккен ирээтте жаздыңыз эле?

— Казакстанда өткөн айтышка өзүм эки жолу бардым. Сөз башынан болсун. Былтыр күзүндө Элмирбек агабыз Эл артисти наамын алып, ага кошумча отчеттук концертин берээр алдында Казакстандын Кызыл-Ордосуна экөөбүздү чакырып калышты. Жушуш көп кезде ойлонуп-толгонуп отуруп барганбыз. Экинчи турда өзүмдү айта албайм, бирок, Элмирбек агабыз казак акыны Сара Токтомусова менен айтышканда жакшы ырдаган. Жыйынтыгында кызыктыруучу сыйлык ыйгарышты. Аларда кызыктыруучу сыйлык бааланат экен. Ошондо алп акын өзү барып жатса, алдыңкы орундардан берип коюшса дурус болмок деп ойлогонбуз. Биз өткөргөн айтыштарда айкөлдүгүбүздү көрсөтүп, эки элдин достугун чыңдоо максатында кош байге уюштуруп келебиз. Кош байгенин жакшы жери ич ара пикир келишпестик аз болот. Казак туугандар да кош байге тууралуу ойлонуп жатат деп угуп калабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТөкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов: айтыштын жыйынтыгына далысын салган, салбаган да акындар болот. Негизи калыстар акындын даражасына эмес, ошол 10 мүнөттүк айтышта төккөн өнөрүнө жараша баа беришет
Акын-импровизатор Асылбек Маратов - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов: айтыштын жыйынтыгына далысын салган, салбаган да акындар болот. Негизи калыстар акындын даражасына эмес, ошол 10 мүнөттүк айтышта төккөн өнөрүнө жараша баа беришет

— Жыл жаңырганда авиа кырсыктан каза болгондорго арнап жоктоо ырын айттыңыз эле. Мындай ырларды аткаруу оор эмеспи?

Исполнитель отечественного шоу-бизнеса Аскат Мусабеков - Sputnik Кыргызстан
Аскат Мусабеков: Бек Борбиевдин пикирине кошулам, ал биз тууралуу чындыкты айтты
— Кыргызда беделдүү адамдар кайтыш болгондо акындар жоктоп, аялдар кошок айтышкан. Бизде жоктоо жанры жок болуп баратканда, Элмирбек Иманалиев Байдылда Сарногоев, Чыңгыз Айтматов каза болгондо жоктоо ырын ырдап, жандандырды. Авиа кырсык жалпы журттун кырсыгы болду. Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү менен өтөт дегендей, кырсык болуп жатса биз үйдө жөн жата албайбыз. Анан жоктоо десе эле көрүнгөн кишилер баланча-түкүнчөбүз бар эле, жоктоп берип коюңуз деп келишет. Көбүнөн баш тартабыз. Жоктоо айткандан корком. Чоң кырсыкта жоктодук, эми кайталанбаса экен деп турабыз. Жакшылыктарда мактоо ирээтинде айтылган төкмөлөр болот. Ал учурда деле той ээсин ашкере мактамай дегендер жок.

— Айтыш өткөрүлөт деген күнү эл билет таппай калган учурларды байкоого болот. Бул нерсе айтыш жолго түштү дегенди билдерет эмеспи. Бирок, айрым учурда акындарыбы элди кызыктырыш үчүн, ашыкча шоу жасап жиберишпейби?

— Ар бир акын айтыштын деңгээлин өстүрүү максатын көздөйт. Сахнага чыгып "амансыңарбы элим" деп коштошуп кетип калбай, элдин көйгөйүн, актуалдуу темаларды курч сөздөр аркылуу козгогонго аракет кылышат. Айрым акындарыбыз орусча сөз кошуп жиберип жатышат. Андайды жактыргандар, жактырбагандар да бар. Биз акындар даремитибизге жараша ырдайт экенбиз, калганын эл баалап алат. Бирок нукура төкмөлүктү ашкере шоуга айландыруу улуу өнөргө кедергисин тийгизет. Ар бир нерсе чеги, ченеми менен болушу керек деп ойлойм. 

© Фото / предоставлено Асылбеком МаратовымТөкмө акын Асылбек Маратов: жоктоо десе эле көрүнгөн кишилер баланча-түкүнчөбүз бар эле, жоктоп берип коюңуз деп келишет. Көбүнөн баш тартабыз. Жоктоо айткандан корком. Чоң кырсыкта жоктодук, эми кайталанбаса экен деп турабыз
Акын-импровизатор Асылбек Маратов - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Асылбек Маратов: жоктоо десе эле көрүнгөн кишилер баланча-түкүнчөбүз бар эле, жоктоп берип коюңуз деп келишет. Көбүнөн баш тартабыз. Жоктоо айткандан корком. Чоң кырсыкта жоктодук, эми кайталанбаса экен деп турабыз

— Үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?

— Бир жыл мурун үйлөнгөм, күзүндө балалуу бололу деп жатабыз. Келинчегим Перизат Ишенбекова радио тармагында эмгектенет.

— Алдыдагы пландарыңыз тууралуу ой-бөлүшө кетсеңиз?

— Биздин тилегенибиз өнөрүбүз менен элге кызмат кылуу. Быйыл "Айтыш" коомдук фондунун түзүлгөндүгүнө 16 жыл болот. Бул аралыкта көп иштер жасалды. Эгемендик күнүнө жана Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата казак-кыргыз ХI эл аралык айтышты өткөрөлү деп турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0