Арслан Койчиев: кыргыз-казак адабий алакаларын чыңдоого ортомчу тилдин зарылдыгы жок

© Фото / Улан СолтобекЖурналист и писатель Арслан Капай уулу Койчиев
Журналист и писатель Арслан Капай уулу Койчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын борбор калаасында өтүп жаткан EXPO 2017 Astana эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстан өлкөнүн электр өндүрүүнү даңазалап жатат. Мунун алкагында маданият тармагына да көңүл бөлүнүп, башка да иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бир топ мамлекеттердин акын-жазуучулары чогулуп, адабият айдыңындагы олуттуу маселелерди талкуулады.

Кыргызстандан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов менен "Арча" адабий сыйлыгынын лауреаты Арслан Капай уулу Койчиев катышты. Кабарчы Таалайгүл Усенбаева бул жаатта Арслан Капай уулуна бир нече суроолорду узатты.

—Айтсаңыз, калемгерлер бул жолугушууда чечилбей келе жаткан кайсы суроолорго жооп табышты?

— Ар түрдүү агымдар, идеологиялар камыр-жумур аралашкан учурдагы кайнаган жашоонун, азыркы коомдун рухий саламаттыгына, ургалдуу өнүгүүсүнө жазуучулардын таасирин талкуулоо, пикир алмашуу – Алматыдагы жыйындын негизги темасы болду. Россия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Британия, Кыргызстан жана дагы башка көптөгөн өлкөлөрдүн акын-жазуучулары чогулуп, эки күн бою кызуу талкуу жүрдү. Жазуучунун таасири, коомдогу орду, козгогон маселелери, чет тилдерге которуу, калем акылары сындуу темалардан тартып, китеп басып чыгаруу, китеп окутуу, китепканалар тууралуу маселеге чейин сөз козголду. Иш-чара казак жергесинде өтүп жаткан соң, албетте, Казакстандын тажрыйбасына көңүл бурулду. 

© Фото / Улан СолтобекАрслан Капай уулу Казакстандын акын жана жазуучусу Мухтар Шаханов менен
Журналист и писатель Арслан Капай уулу Койчиев - Sputnik Кыргызстан
Арслан Капай уулу Казакстандын акын жана жазуучусу Мухтар Шаханов менен

—Учурда кыргыз-казак окурмандары үчүн орус тилинин салмагы канчалык деп ойлойсуз? Мурдагы көрүнүш өзгөрдүбү?

— Сурооңузга эки өңүткө бөлүп жооп берсем. Биринчиси, кыргыз-казак адабиятынын алакасы үчүн мааниси, экинчиси, жалпы маданият үчүн мааниси.

Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан
Айтматовсуз 9 жыл. Үлкөндүн караанын издегенде
Кыргыз менен казак адабий алакаларынын чыңдалышы ортомчу тилдин жардамына дегеле муктаж эмес. Жакын тилдер. Алардын айырмачылыгына караганда килейген кытай тилиндеги диалекттик айырмачылыктар алдаганча жогору. Атактуу акын Олжас Сулейменов менен жолугуп, амандашып калдым. Сексенден ашса дагы Олжас агабыз дале күүлүү, кайраттуу экен. Казактын баатырларынын урпагынан эмеспи, кайратынан жазбай, карылуу да экен. Кара жаак чечендеринин тукумунан эмеспи, андан озунуп эч кимиси сүйлөбөйт экен. Олжас ага менен амандашып жатканымда бир окуя эсимде турду. Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында Сулейменов баштаган казак жазуучуларынын калың делегациясы Кыргызстанга келген. Ошондо Олжас аганын минтип айтканы бар: "Кыргыз алфавитин реформалоо зарыл, ошенткен күнү кыргыз менен казактын тили ого бетер бир-бирине жакындап, бир-бирибизди котормосуз окуганга жетишебиз". Андан бери кырк жылга жуук убакыт өттү. Кыргыз алфавитин реформалоо жагында кыпындай да иш жасалган жок. Өкүнүчтүү. Бирок ошол сөздөрү ары көрөгөчтүк, ары кеменгерлик менен айтылгандыгын моюндашыбыз керек.

Ал эми сурооңдун экинчи өңүтүнө келсек, албетте, орус тилинин орду кыйлага сакталат го. Таңазар албай коюуга мүмкүн да эмес. Себеби, бул тилде түз эле дүйнөлүк адабияттын төрүнөн орун тапкан не бир шедеврлер жаралды, жаралып да жатат. Тарыхый жактан ушундай калыптанып калган соң, орус тилин орус адабияты, анан дүйнөлүк адабият менен таанышуунун кошумча ресурсу катары колдонууну уланта беришибиз керек, колдон келсе, күчтөнтө беришибиз керек. 

© Фото / Улан Солтобек"Орус тилинин орду кыйлага сакталат го. Таңазар албай коюуга мүмкүн да эмес. Себеби, бул тилде түз эле дүйнөлүк адабияттын төрүнөн орун тапкан не бир шедеврлер жаралды, жаралып да жатат", - дейт биздин маектеш.
Журналист и писатель Арслан Капай уулу Койчиев - Sputnik Кыргызстан
"Орус тилинин орду кыйлага сакталат го. Таңазар албай коюуга мүмкүн да эмес. Себеби, бул тилде түз эле дүйнөлүк адабияттын төрүнөн орун тапкан не бир шедеврлер жаралды, жаралып да жатат", - дейт биздин маектеш.

—Казакстан улуттук адабиятын чет тилдерге, биринчи кезекте коңшуларынын тилине которууну баштай турганын билдирди. Адабий өңүттөн алганда бул эмнеден кабар берет?

— Ооба, учурда ушундай көрүнүш дале уланып жатат: мурдагы советтик республикалардын адабияты кыйратты дегенде орус тилине которулуп, андан ары таанытуу солгун. Маселен, Абиш Кекилбаев, Дулат Исабеков, Улугбек Есдаулетов сындуу бирин-экин казак авторлорунун эмгектерин эске албаганда, жалпы казак адабиятынын мыкты үлгүлөрүн англис тилине оодаруу иши ыкшоо туюлат. Бирок Казакстандын мүмкүнчүлүгү чоң эмеспи, оң жолго коюлса керек. Ал эми коншу элдердин тилине которуу жагына келсек, бул демилге кубаттоого гана арзыйт. Интеграциянын маданий өңүтү деп атай туралы.

—Адабияттын дөө-шааларынын эки элдин адабиятын камыр-жумур кылган өрнөктөрү канткенде үзгүлтүсүз уланат?

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Президенттерди таңгалдырган комузчулар. ШКУ самитинде жаңырган күүнүн видеосу
— Ооба, учурунда кыргыз менен казак адабиятынын дөө-шаалары тыгыз алака-катышта болушуп, ынтымакты чыңдоонун, достукту күтүүнүн өрнөгүн көрсөтүп турушту. Кыстара кетейин: ошол доордун башатында турган каармандардын катары кыргыз арасында суюла түштү, дегеним, көбүнүн көзү өтүп кетти. Ал эми казак жагынын катышуучулары, кудай жалгасын, дале тарыхтын күбөлөрү. Маселен, ошол эле Олжас Сулейменов, Абдыжамил Нурпеисов жана башкалар. Абдыжамил Нурпеисовдун "Кан менен тер" романы өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын этеги, сексенинчи жылдарынан башында кыргыз тилине которулуп, болгондо да тамшанып окугудай, өрнөк болорлук деңгээлде которулуп, жаңылбасам, ири адабий окуя катары кабылданган. Ал адабий достукту кийинки муун өжөрлүк менен улантууга тырышууда. Маселен, казактын таланттуу акындарынын бири Улукбек Есдауетов деген бар, ырларын кыргызчага которууга келгенде казак акындарынын бактылуусу, жолдуусу экен деп калдым. Себеби, анын ырларын которууга кыргыздын алп акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Акбар Рыскулов жана башкалар жабыла катышкан экен. Өткөндө эле "Турар" басмаканасынан жыйнагы чыкты. Адабий катышты улантуунун жышаанасы эмей эмине, иш-чарага соңку романымды ("Бакшы менен Чынгыс хан") ала барып, анүстүнө, казактар тууралуу жазылгандыгын, каармандары казактар экендигин айтсам, которуу жагын караштыралы дегенчелик кызыгып калышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0