"Саякбай" тасмасы кытай тилине которулду

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүМанасчы Саякбай Каралаевдин архивдик сүрөтү
Манасчы Саякбай Каралаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы тасма калың элге Эгемендүүлүк күнү тартууланат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондусунун демилгеси менен тартылган "Саякбай" тасмасы кытай тилине которулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине белгилүү манасчы, аталган фонддун мүчөсү Улан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, тасманы кытай тилине которууга Үрүмчүдө жайгашкан "Манас таануу" институту кызыкдар экенин билдирген.

"Аталган институттун директору Ысакбек Бейшенбек уулу менен кышында жолукканбыз. Ал тасманы кытай тилине которуу керектигин айтты. Жалпы жонунан которуу иштери эки айга созулуп, эми алдыдагы бир ай ичинде үн коштоо иштери аткарылат", — деди Исмаилов.

Эскерте кетсек, "Саякбай" тасмасынын сценарийи 2015-жылдын октябрь айында жазылып, бир жарым жыл дегенде тартылып бүттү

Фондунун берген маалыматы боюнча 21-июнь күнү тасма тар чөйрөгө көрсөтүлүп, калың элге мамлекеттин Эгемендүүлүгү белгиленген 31-август күнү тартууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0